Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Бишкекте кыймылсыз мүлккө салык салуу боюнча парламенттик угуулар болду


БИШКЕК. Өкмөттүн кыймылсыз мүлккө салык салуу аракетине байланыштуу 19-мартта Мыйзам чыгаруу жыйынынын салык жана бажы төлөмдөрү боюнча комитети парламенттик угууларды өткөрдү. Ага депутаттар, өкмөт мүчөлөрү жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Парламенттик угууда сөз сүйлөгөн финансы министринин орун басары Мурат Исмаилов кыймылсыз мүлккө салык Эл аралык Валюта Фондунун талабы менен киргизилип жатканын белгилеп, өкмөт бул салыктан жылына 65 млн. сом киреше алууну көздөп жатканын билдирди. Мыйзам долбоорунда шаарлардагы кыймылсыз мүлккө гана салыктын киргизиле тургандыгы өзгөчө карама-каршылыкты жаратты. Борбордогу коомчулук өкүлдөрү эгерде шаарлардагы кыймылсыз мүлккө гана салык салынса Конституциялык Сотко кайрыларын билдиришти. Анткени алардын ою боюнча салык төлөөдө бардык жарандардын ортосунда теңдик болуш керек. Өкмөт менен парламент депутаттарынын ортосунда кайсы баадагы кыймылсыз мүлктөн баштап салык салыныш керектиги боюнча да пикир келишпестиктер чыгууда. Өкмөт 125 миң сомдон кымбат баадагы кыймылсыз мүлккө, ал эми депутаттар 500 миң сомдон жогору бааланган мүлккө салык салынышын жакташууда.

XS
SM
MD
LG