Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:33

ДУШМАНГА “ОЗУНУП СОККУ УРУУ” СТРАТЕГИЯСЫ


Ирак кризисине байланыштуу “Адилеттүү согуш деген эмне?”, “Жоого озунуп сокку уруу деген эмнени билдирет?”, “АКШнын Иракка чабуул коем деп коркутуусу эл аралык мыйзамдарга ылайык келеби?” деген суроолор америкалык интеллектуалдар арасында өтө кызуу талкууланууда.

Өткөн жылдын сентябрь айында Дүйнөлүк Соода борборуна жана Пентагонго болгон авиачабуулдардан кийин президент Жорж Буш “Кошмо Штаттарынын улуттук коопсуздук стратегиясын” жарыялаган. Бул документте “душмандын кол салуу коркунучу астында коргонуу үчүн жоого озунуп сокку уруу” деген термин биринчи ирет колдонулган. Жаңы концепция боюнча “түздөн түз кол салуу коркунучу” террорчулар тарабынан да болушу мүмкүн. Бирок эл аралык мыйзамдар душман кол салат деп сактанып, ага алдын ала эскерткич сокку урууга жол бербейт.

Президент Буш дүйшөмбү күнкү кайрылуусунда Иракка озунуп сокку уруунун зарылдыгын мындайча түшүндүргөн:

- Биз коркунучту азыр, ал өсүп баратканда, ал күтүүсүздөн биздин асманыбызга жана шаарларыбызга жеткенге чейин токтотолу дедик.

Бостон универститетинин эл аралык байланыштар департаментинин башчысы Андрю Басевичтин айтышынча, “озунуп сокку уруу” стратегиясы башка өлкө келечекте кол салат деп сактанып, ага азыр чабуул коюуну билдирет. Ал бирок “озунуп сокку урууну” “эскертүүчү сокку уруу” менен чаташтырып болбойт деп санайт:

- Мен душман мага чабуул коюуну мерчемдеп жатканын так билсем, чынында эле ал мага чабуул жасаганы турса, мындай учуруда коргонуу үчүн эскерткич сокку урсам, анын мыйзамдуу болот.

Йел университетинин профессору Жон Луис Гаддисдин пикиринче, Президент Буштун администрация иштеп чыккан Улуттук коопсуздук стратегиясы АКШ өкмөтүнүн соңку жарым кылымдагы өтө чоң стратегиясы. Себеби бул концепция террорчулар менен диктаторлорду коркунучтун булагы катары бир катарга койгон.

Ал эми Чикаго университетинин профессору Брюс Кумингсдин “The Nation” журналына чыккан макаласына караганда, “жоого озунуп сокку уруу” концепциясы АКШнын экономикасындагы кыйын абалдан жана Жорж Буштун бизнесмен-достору аралашкан чатак иштерден коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн Республикачылар партиясынын конвервативдүү канаты ойлоп тапкан амал-айла.

Б. Кумингсдин пикиринче, 11-сентябрдагыдай чабуулга кабылган өлкөлөр эл аралык мыйзамдарга ылайык коргонуу үчүн душманга жооп кайтарууга акылуу. Бирок, чабуулдун артында террорчулар турса кайтарып сокку уруу өтө татаал болот деп санайт Брюс Кумингс:

- Эл аралык мыйзамдарга жараша чабуулдан өзүн өзү коргоо ар бир өлкөнүн зайыр акы. Коркунучтуусу, 11-сентябрь чабулууна катышкан адамдарга сокку урганга аларда турган жайы жок. Ошон үчүн, аларга кайтарып сокку уруу биз үчүн өтө татаал болот.

Бир катар талдоочулардын пикири боюнча, Кошмо Штаттары Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясы жок туруп, же өлкөнүн коопсуздугуна “түздөн түз коркунуч болууда” деген негизде башка бир мамлекетке сокку уруп, башка өлкөлөрдүн да ушундай жолго баруусуна үлгү болуп берет. Ушул негизде АКШнын “эскерткич сокку уруу” доктринасы бүгүнкү эл аралык мыйзамдардын өзгөрүүсүнө алып барат деп жоромол кылат Вашингтон университетинин профессору Фредерик Киргиз.

Байкоочулардын башка бир тобу: Ирак кризиси бир жагынан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүн жааташтырганын, экинчи жактан НАТОго мүчө Германия, Түркия сыяктуу өлкөлөрдү эки башка позицияга койгонун айтышып, БУУ менен НАТО эл аралык саясый институт катары өз функцияларын жана аларга жүктөлгөн милдетти аткара алышпай жатканына көңүл бөлүшөт.
XS
SM
MD
LG