Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:27

ЭЛ АРАЛЫК АСКЕРДИК-САЯСИЙ ЖАҢЫ УЮМ ТҮЗҮЛҮҮДӨ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Коллективдүү Коопсуздук Келишимине кирген өлкөлөрдүн коопсуздук кеңеш катчыларынын 20-мартта Москвада өтө турган жыйынында Коллективдүү Коопсуздук Келишимин уюмга айландыруу тууралуу келишимдин долбоору талкууга алынат. Мындай документке келишимге кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын апрель айында боло турган жолугушуусунда кол коюлушу күтүлөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн башчысы Эркин Мамкуловдун маалыматына караганда, аталган жолугушууда учурдагы эл аралык саясий кырдаал менен катар Коллективдүү Коопсуздук Келишимин Коллективдүү Коопсуздук Уюмуна айландыруу тууралуу маселе талкууга алынат. Буга чейин аталган келишимге кирген өлкөлөрдүн коргоо, финансы, тышкы иштер министрлеринин орун басарлары 13-мартта Москвада жолугушуп, жаңы уюмдун ички түзүлүшүн жана аны каржылоо маселесин талкуулашкан. Коопсуздук кеңеш катчыларынын алымча-кошумчаларынан соң бул документке келишимге кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчылары апрель айында Тажикстанда боло турган жолугушусунда кол коюлушу күтүлөт.

Ошентип, Шанхай Кызматташтык Уюмун Кытай, Түндүк Атлантикалык Альянсты АКШ жетектей тургандыгын эске алганда, дүйнөдө Орусиянын жетекчилигинде дагы бир аскердик-саясий уюм пайда болот. Буга байланыштуу шаршемби күнү айрым эл аралык маалымат каражаттары Орусиянын Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары Олег Черновдун айткандарына шилтеме келтирип маалымат таратышты. О.Черновдун билдирүүсүнө караганда, келишимди уюмга айландырууда бирикменин келечектеги ишмердүүлүгүндө олуттуу өзгөрүштөр болот. Адегенде уюмдун ички структурасы аныкталат. Дайыма аракетте боло турган бийлик органы түзүлүп, ал эл аралык уюм статусуна ээ болот. Мындан тышкары, жаңы түзүлүп жаткан уюмдун уставына буга чейинки Түндүк Атлантикалык Альянстын уставынын бешинчи беренесиндегидей эреже киргизилет.

Буга чейин келишимге кирген өлкөлөрдүн биринин аймагына кокусунан сырттан коркунуч туулса, өнөктөш өлкөлөрдүн жардамга келиши үчүн кошумча келишим талап кылынган. Жаңы эрежеден кийин уюмга кирген өлкөлөр зарыл учурда бири-бирине токтоосуз жардам берүүгө милдеттенме алышат. Ошондой эле уюмга кирген өлкөлөрдүн бири-бирине аскердик жардам беришине жана ага башка өлкөлөрдүн киришине жеңилдиктер берилип, уюмдун кеңейишине олуттуу мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Айрым эл аралык жана жергиликтүү эксперттердин пикиринде, дүйнөдө азыр Ирак маселесине байланыштуу антиамерикалык маанай түзүлүп жаткан учурдан пайдаланып, Орусия Түндүк Атлантикалык Альянска жана Бириккен Улуттар Уюмуна атаандаш эл аралык бирикме түзүүгө аракеттенүүдө. Учурда бул маселе боюча кыргыз саясатчыларынын арасында да түрдүү пикирлер бар. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Кубатбек Байболовдун пикиринде, мындай уюм келечекте күчтүү эл аралык уюмга айланышы толук мүмкүн:

- Иракка байланыштуу Орусия менен АКШнын мамилеси бир аз салкындай түштү. Акыры жүрүп Орусия ушундай уюм түзөөрү мыйзам ченемдүү көрүнүш эле. Менин оюмча азыркы эл аралык кырдаалда НАТОго тең келбесе да өтө салмактуу уюм түзүлөт. Анткени келечекте бул уюмга Индия кошулушу ыктымал.

Ал эми Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиевдин көз-карашында, бардыгы каражатка байланыштуу болгондуктан, мындай бирикме келечекте башка эл аралык уюмдарга аттандаша албайт:

- Менин оюмча бардыгы каражатка байланыштуу. Ошондуктан бул уюм НАТОго атаандаштык деңгээлге жетпейт.

Коллективдүү Коопсуздук Келишими Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Белоруссия, Армения, Тажикстан өлкөлөрүнүн башын бириктирип келатат.

XS
SM
MD
LG