Түркмөнстандын баш прокурору Гурбанбүбү Атажанова 19-мартта атайын жарыя жасап, мамлекетке каршы кылмыш жасаган деп эркинен ажыратылган 34 мурдагы өкмөттүк кызматкер азыр чөлдөгү колонияда кызмат өтөп жатат деп билдирди. Алардын арасында - мурдагы вице-премьер-министр Худайкул Халлыков, энергетика министри Сапармурат Нуриев жана башка министрлер менен министрлердин орун басарлары бар.