Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:06

Палестина автономиясында премьер-министр дайындалды


Палестина жетекчиси Яссир Арафат 19-мартта автономиянын премьер-министри кылып Махмуд Аббасты дайындады. Премьер-министрлик кызмат Палестинада эл аралык коомчулуктун басымы астында киргизилди. Мындан ары Палестина өкмөтүн Аббас түзөт, Арафат болсо коопсуздук маселелери жана Израил менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн жооптуу болот. АКШ президенти Жорж Буш өткөн аптада атайын билдирүү жасап, Палестинада премьер-министр дайындалгандан кийин, Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча жаңы план жарыяланат деп билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG