Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:48

Түндүк Корея менен эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүүдөн АКШ баш тартууда


Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл 18-мартта - Түндүк Корея менен АКШ ортосунда сүйлөшүү болбойт деп дагы бир жолу жарыялады. Анын пикиринде, Түндүк Корея маселесин чечүү үчүн көп тараптуу эл аралык форум өткөрүш керек. Пхеньяндын айтымында болсо, АКШ менен Түндүк Корея ортосунда эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүп, эки өлкө бир-бирине кол салбоо тууралуу келишимге кол коюш керек. Өткөн октябр айында Түндүк Корея өз милдеттенмелерин бузуп, өлкөдөгү өзөктүк ишканаларды кайрадан иштете баштаган жана кээ бир маалыматтарга караганда, бир-эки өзөктүк бомба өндүрүүгө жетишти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG