Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:13

АКШнын Ирак боюнча турумуна дүйнөнүн 45 мамлекети колдоо көрсөттү


"Чек арасыз доктурлар" аттуу эл аралык уюм өз кызматкерлерин Ирактан чыгарбоону чечти. Эгер согуш башталса, алар жапа чеккен адамдарга жардам берет. Сауд Арабиянын айтымында, Ирак согушуна ал эч кандай түрдө катышпайт. Мамлекеттик катчы Колин Пауэллдин айтканына караганда, АКШнын Ирак боюнча турумун дүйнөнүн 45 өлкөсү колдоду, алардын арасында Азербайжан, Грузия, Латвия, Литва, Ооганстан, Өзбекстан, Түркия, Чехия, Эстония бар. Европа Биримдиги болсо, Иракка гуманитардык жардам көрсөтүүгө даярданууда.

XS
SM
MD
LG