Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:49

Британия парламенти премьер-министрдин Ирак саясатын жактырды


Британия парламентинде 18-март күнү кечинде Ирак маселеси талкууланып, премьер-министр Тони Блэр парламенттин колдоосуна жетишти. Депутаттар кабыл алган чечим боюнча, Иракты куралсыздандыруу үчүн, бардык талаптуу чаралар көрүлүүгө тийиш. Анткен менен добуш берүү учурунда 149 депутат кабыл алынган чечимге каршы чыкты жана алардын бир жүз кыркы - Блэр жетектеген Лейбористтик партиянын мүчөлөрү. Блэр бийликке 1997-жылы келгенден бери, бул добуш берүү - ага каршы көрүлгөн эң орчундуу окуя.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG