Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Түркия жетекчилиги өлкөнүн аба мейкиндигин АКШнын пайдалануусуна берүү мүмкүнчүлүгүн караштырууда


Түркия өкмөтүнүн айтымында, 20-март күнү ал парламентке кайрылып, өлкөнүн аба мейкиндиги аркылуу америкалык учактардын өтүшүнө уруксат берүүнү сурайт. Мурда Түркия парламенти - өлкөнүн аскерий базаларын америкалык аскерлердин пайдалануусуна берүү сунушун четке каккан. Түркия Ирак менен чектеш болгондуктан, америкалык аскерлер Иракка Түркиянын аймагы аркылуу түндүк тараптан чабуул жасаганды каалайт. Ирактын түндүгүндө жашаган күрд аскерлеринин жетекчилиги - эгер согуш башталса, америкалык башкаруучулук астына өтүүгө макул болду.

XS
SM
MD
LG