Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:08

АКШнын айтымында, президент Хусейн өлкөдөн чыгып кетсе деле америкалык аскерлер Иракка киргизилет


АКШ өкмөтүнүн басма сөз катчысы Ари Флейшердин айтымында, эгер Ирак президенти 19-марттын кечине чейин, же Бишкек убактысы боюнча 20-марттагы эртең мененки саат алтыга чейин өлкөдөн чыгып кетпесе, АКШ өзү билген убакта Иракка каршы аскерий аракет баштайт. Бирок Саддам Хусейн Ирактан качып чыкса деле, америкалык жана британиялык аскерлер Иракка баары бир киргизилет жана өлкөдөгү кеңири кыруучу куралдар жыйылган жайларды издеп таап, аларды жок кылат: "Саддам өлкөдөн кетсе дагы, АКШ менен ал жетектеген коалициянын аскерлери Иракка баары бир кирет. Жана, президент жокто Ирак аскерлери аларга каршылык көрсөтпөй тургандыктан, тынчтык ыкмалары менен Иракты куралсыздандырат", - дейт Флейшер. Азыр Ирактын айланасында 270 миңден ашык америкалык жана британиялык аскер топтолду жана алар согуш ачууга буйрук кана күтүп турушат. АКШнын айтымында, Ирак бардык эл аралык милдеттенмелерин бузуп, өз ыктыяры менен куралсызданбагандыктан, бүткүл дүйнө коопсуздугуна коркунуч түзүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG