Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:13

Түркмөнбашы өз китебин кеңири коомчулукка жайылткандарга акчалай ири сыйлыктарды ыйгарды


Өзүнүн "Рухнаме" китебин элге жайылтууга кошкон салымы үчүн, Tүркмөнстандын президенти Сапармурад Ниязов бир катар журналисттерге, артисттерге, ырчыларга жана жазуучуларга 500 миң доллар таркатып берди. Улуттук колжазмалар институтунун кызматкерлери эле 100 миң доллар алышты.
Түркмөн өкмөтүнүн айрым кызматкерлери "Рухнамени" «экинчи Куран» деп аташкан. Китеп менен таанышып чыккан адистер китептин ар башка бөлүктөрү ар башка стилде жазылганын белгилешүүдө. Ушуга байланыштуу аны Ниязов өзү жазганынан күмөн санагандар аз эмес.

Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Жаңыл Жусупжан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG