Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:09

Ирак согушу ислам радикалдарынын баркын көтөрөт


Ырасмий Вашингтон түшүндүргөнгө караганда, Кошмо Штаттарынын Иракка каршы согушу өлкөдө демократиялуу бийликти орнотууга багытталган. Анткени менен, көпчүлүк талдоочулардын айтымында, согуш ислам радикалдарынын күчтөнүүсүнө жана реформачыл маанайдагы ислам диниятчыларынын саясый позициясынын бошоңдошуна алып барат.

Америкалыктардын Иракка кол салуусунун негизги максаттарынын бири, президент Жорж Буш түшүндүргөндөй, Саддам Хусейндин мыйзамсыз режимин кулатуу жана Иракта региондогу башка өлкөлөргө үлгү болчу эркин жана демократиялуу бийликти орнотуу. Бирок, ислам реформаторлору сарсанаа ойлорго батышууда. Алардын оюнча, АКШ башындагы күчтөрдүн Иракка каршы согушу мусулман калктарында нааразылык толкунун жаратып, фундаменталист саясатчылардын баркын көтөрөт. “Кошмо Штаттарынын бир жактуу согушу ислам өлкөлөрүндөгү байистүү жана либерал мусулмандарды кыйын абалга койот. Радикалдарды колдоочулардын санын көбөйтөт. Терроризмдин үрөнүн себет”,- дейт Сингапурдагы Коргоо жана стратегиялык изилдөөлөр институтунун саясый талдоочусу Андрю Тан.

Доктор Тандын сөзүнчө, фундаменталисттер мусулмандарды жана алардын өкмөттөрүн АКШнын жортуулуна каршы биригүүгө чакырып, саясый аброй топтошот. Алардын чакырыгы Саддамдын режимин коргоп жихадда өлөбүз деген араб ыктыярдууларын жана согушка каршы өтүүчү демонстрациялардын катышуучуларын да шыктандырат. Анын натыйжасында, консервативдүү диниятчылар реформачыл маанайдагы байистүү динзарларды исламдын душманы кылып көрсөтөт.

Christian Science Monitor гезитинин байкашынча, Усама бен Ладен өз уюмун “Жөөттөргө жана крестүүлөргө каршы жихаддын дүйнөлүк ислам майданы” деп жөн жайдан атабаган. Былтыр октябрда Индонезиянын Бали аралындагы түнкү клубду жардырган топтун руханий жол башчысы Имам Самудра АКШлык күчтөрдүн Ооганстандагы аскерий операциясын, Индиянын талаштуу Кашмир штатындагы куралдуу калабаларды - алардын баарын тең Вашингтондун исламга каршы чабуулунун далили катары баалайт.
Индонезиялык улама Улил Абшар-Абдалланын айтышынча, согуш жүрүп жаткан шартта диндер ортосундагы толеранттуулукка үгүттөө кыйын болот.
Улил Абшар-Абдалланы ислам дини паранжа жамынып жүрүүгө жана уурулук кылган адамдын колун кесип салууга тыйуу салат деп айтканы үчүн, аны консервативдүү ислам уламасы Атиян Али былтыр өлүм жазасына тартуу жөнүндө фатва чыгарган.

“Мендей адамдар үчүн америкалыктарды АКШ өкмөтү жүргүзгөн саясаттан бөлүп кароо кыйын эмес. Деген менен, Буштан көңүлүм калды. Себеби, Буштун Ирактагы согушу жихаддын бир түрү, фундаментализм”,- деп санайт Улил.

Индонезиянын ислам партиялары үчүн Ирактагы согуш келерки жылда болчу парламенттик шайлоо алдында саясый упай топтоого жакшы мүмкүндүк түзөт. Алар буга чейин президент Мегавати Сукарнопутри айымды АКШнын согушчул позициясын жетерлик сындабады деп күнөөлөшкөндөн улам, өкмөттүн беш мүчөсү март айынын башында Жакартада өткөн согушка каршы демонстрацияга катышкан.

Дүйшөмбү күнү Каирге чогулган ислам уламалары АКШ Иракка басып кирсе, мусулмандарды ага каршы жихадга чыгууга чакырышкан. Андан бир нече күн мурда мисирлик байистүү динитячы Шейх Юсуф ал-Карадауи мусулмандарды америкалык аскерлерге жардам бербөөгө чакырган эле.

Ошол эле учурда Вашингтондун эл аралык террорчуларга каршы аракетин колдогон айрым мусулман өлкөлөрү, анын ичинде Малайзиянын кийинки кезде АКШдан алыстай баштаганы байкалат.
Талдоочулардын айтымында, премьер-министр Махатхир улам кубаттанып бараткан Малайзия ислам партиясынын сындоосунан чочуп, АКШ менен болгон мамилесинде этият болууда.

Андай кооптонууга негиз бар. Себеби Пакистандын ислам партиялары президент Мушаррафты Кошмо Шттаттарынын Ооганстанга басып кирүүсүн колдоду деп сындап жатып, октябрда болгон парламенттик шайлоодо чоң ийгиликке жетишкен. Тагыраак айтканда, Пакистандын ислам партияларынын коалициясы парламенттеги орундардын үчтөн бирин жеңип алышкан жана азыр Түндүк батыш чек ара провинциясындагы бийлик алардын башкаруусунда.
XS
SM
MD
LG