Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:01

Түрк парламенти өлкөнүн аба мейкиндигин АКШ учактарынын пайдалануусуна берүү маселесин кароодо


20-мартта Түрк парламенти - америкалык учактардын Түркия аба мейкиндиги аркылуу өтүүсүнө уруксат берүү маселесин карап жатат. Бирок премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын айтымында, алар өлкөнүн аскерий базаларына конбойт жана Түркия үстүндө башка учактардан май да куйбайт. Үстүбүздөгү айдын башында Анкара өлкө аймагындагы аскерий базаларды АКШнын пайдалануусуна берүүдөн баш тарткан. Аны менен катар Түркия Ирактын түндүгүнө аскер киргизүүгө даярданууда. Вице-премьер-министр Мехмет Али Сагиндин айтымында, мындай чечим гуманитардык жагдай менен байланыштуу. Түркия Ирак менен чектеш болгондуктан, америкалык аскерлер Иракка Түркиянын аймагы аркылуу түндүк тараптан чабуул жасоону да каалайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG