Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:53

2004-жылдын апрелине чейин Кыргызстандын бардык аймактарынын тургундары республикалык телерадиоберүүлөрдү толук укканга мүмкүнчүлүк алышат


БИШКЕК. 2004-жылдын биринчи кварталына чейин Кыргызстандын булуң-бурчтарында жашаган жарандардын республикалык телерадиоберүүлөрдү толук түрдө угуп, көрүшүнө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Премьер-министр Николай Танаев шаршемби күнү кечинде «Кыргызтелеком» мамлекеттик ишканасынын спутник байланышын түзүү боюнча долбоорунун ачылышында ушундай пикир айтты. «Учурда 60 миңге жакын кыргызстандыктардын республикалык телеберүүлөрдү көргөнгө мүмкүнчүлүгү жок. Айрыкча коңшу өлкөлөр менен чектеш аймактардын тургундары Өзбекстан, Казакстан, Тажикстандын телеберүүлөрүн көрүүгө аргасыз болууда. Мындай жагдайды токтотууга убакыт келди», - деди Николай Танаев. Аталган долбоор эки этапта ишке ашырылат. Ага 2,5 миллион доллар каражат жумшалат.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG