Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Баткен облустук соту Шералы Акботоевдин апелляциялык арызы боюнча Баткен райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды


БИШКЕК. Бүгүн Баткен облустук соту «Өзбекстан ислам кыймылынын» мурдагы мүчөсү Шералы Акботоевдин апелляциялык арызы боюнча Баткен райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Ишти 17-марттан бери карап жаткан Баткен облустук соту аны жыйынтыктап, соттолуучу Шералы Акботоевге акыркы сөз берди. Ал өзүнө коюлуп жаткан «терроризм», «барымтага кармоо», «кылмыштуу топту уюштуруу» деген айыптарды алып салууну өтүнүп, мындан башка сөзгө келбей бышактап ыйлап жиберди. Сот жараяны ушул эле күнү аяктап, облустук сот Шералы Акботоевдин апелляциялык арызын канааттандырбай, Баткен райондук сотунун быйылкы 4-февралдагы өкүмүн күчүндө калтырды.
Баткен районунун Карабак айылында туулуп-өскөн 41 жаштагы Шералы Акботов 1999-жылы өздөрүн «Өзбекстан ислам кыймылы» деп атаган жоочулар Кыргызстандын түштүгүнө кол салган учурда, үй-бүлөсү менен алардын катарына кошулуп кеткен. Былтыр жазда Кыргызстанга алып келинген Ш. Акботоевди өткөн айда Баткен райондук соту «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 6 беренеси боюнча күнөөлүү» деп таап, 25 жылга эркинен ажыраткан.

XS
SM
MD
LG