Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:40

Парламент АКШнын Иракка каршы чабуулуна байланыштуу министрликтердин маалыматын укту


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны Тышкы жана Ички иштер министрликтери менен Улуттук коопсуздук кызматынын Иракка байланыштуу кырдаал боюнча билдирүүлөрүн укту. Тышкы иштер министринин орун басары Жээнбек Кулубаевдин билдиргенине караганда, учурда министрлик кыргыз өкмөтүнүн атайын токтомунун негизинде күч органдары менен бирге ар кандай террордук аракеттердин алдын алуу аракетин көрүүдө. Иракка каршы чабуул башталган шартта Кыргызстандын коопсуздугун камсыз кылуу тууралуу токтомду өкмөт 14-мартта кабыл алган.
Ички иштер министринин орун басары Расулберди Райымбердиевдин айтымында, министрлик өкмөттүн токтомуна ылайык өзгөчө маанилүү объектилерге, чет өлкөлүк элчиликтердин, консулдуктардын имараттарына, эл көп топтолгон жайларга, уулуу заттарды калдыктары сакталган аймактарга көзөмөлдү күчөтүүдө. Ал эми Улуттук коопсуздук кызматынын төрага орун басары Токон Мамытовдун билдиргенине караганда, Ирак маселеси бардык башка Борбордук Азия мамлекеттери сыяктуу эле Кыргызстанда да террористтик аракеттердин жанданышын, антиамерикалык маанайды жана качкындардын агымын пайда кылышы ыктымал. Анын пикиринде, дүйнөдө акыркы мезгилде тынчып калган күрд маселеси да эми көтөрүлүшү мүмкүн. Мындай билдирүүнү ал эл аралык эксперттердин талдоолоруна таянып жасады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG