Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:22

Кыргызстандын аймагында жайгашкан эл аралык аскердик күчтөр Иракка каршы согушка пайдаланылбайт


БИШКЕК. Кыргызстандын аймагында жайгашкан эл аралык «Ганси» аскер базасы Иракка каршы согушка пайдаланылбайт. Бул тууралуу бүгүн «Манас» аба майданында жайгашкан эл аралык антитеррордук коалиция күчтөрүнүн коомчулук менен иштөө кызматынын башчысы, капитан Елизабет Ортиз билдирди.
«Кыргызстандын аймагында жайгашкан эл аралык аскердик күчтөр Ооганстандагы терроризмге каршы аскердик операцияларды аткарат. Ал эми Иракка каршы согуштук аракеттердин башталышы биздин бул жердеги вазийпабызды өзгөртпөйт», - деди Елизабет Ортиз.
Ушул эле күнкү маалымат жыйынында Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов да «Манас» аба майданындагы эл аралык күчтөр Ирактагы согушка пайдаланылбай тургандыгын баса белгиледи. 2002-жылдын январь айында Кыргызстандын аймагына АКШ баш болгон 14 мамлекеттин аскер күчтөрү Ооганстандагы аскердик операцияларды аткаруу жана бул өлкөгө гуманитардык жардам жеткирүү максатында жайгаштырылган. Учурда «Манас» аба майданында 1500 чакты аскерлер, бир нече согуштук учактар бар.

XS
SM
MD
LG