Хюман Райтс Уотч уюмунун аткаруучу директору Кеннет Рот бардык тараптарды согуштук аракеттерге өтө кылдат байкоо жүргүзүлөөрү, тууралуу эскертет. Уюм Кошмо Штаттардын Перс булуңунда жүргүзгөн 1991-жылкы согушунда, НАТОнун Балкандагы аскердик кийлигишүүсүндө жана 2001-жылы Ооганстандагы согушта орун алган кайгылуу фактыларды эске алып, согушуп жаткандарга төмөндөгүдөй талаптарды койот.
- Жаңжалга катышып жаткан бир да тарап химиялык жана биологиялык куралдарды жана массалык кыргын салуучу ядролук куралдарды колдонбошу керек.
- Ирак адамдарды тирүү калкан катары пайдаланбашы керек. Бирок андай болгон учурда, АКШ жана анын өнөктөрү калкан болууга мажбурланган карапайым адамдарга зыян келтирбөө үчүн колдо болгон бардык чараларды көрүүгө тийиш.
- Согуш калк жашаган аймактарда жүргүзүлгөн учурда АКШ жана анын өнөктөрү калкты согуштук аракеттер жөнүндө алдын ала эскертип, элдин ал чөлкөмдөн аман-эсен чыгып кетүүсүнө шарт түзүшү абзел.
Белгилүү болгондой, Югославияны бомбалоо учурунда НАТО күчтөрү Югослав өкмөтүнүн согуштук аракеттерин камсыз кылган көпүрөлөр, электростанциялар сыяктуу инфраструктуралык объекттерди бутага алган эле. Бирок мындай объекттер аскерлер үчүн эле эмес калктын күнүмдүк жашоосу үчүн да өтө маанилүү экени маалым. Ошондуктан катта андай объекттерди бутага алуунун шарттары өзүнчө бөлүп көрсөтүлдү.
Хьюман Райтс Уотч электростанциялар, азык- түлүк кампалары жана ага караштуу инфраструктура калктын жашоосу жана дегеле анын тирүү калышы үчүн өтө маанилүү экенин белгилеп, аларды бутага албоону талап кылат. Аскерлерди жана карапайым калкты камсыз кылган ишканалар мүмкүн болушунча кыйратылбастан, иштен гана чыгарылууга тийиш.
Укук коргоо уюму Ооганстан менен Косово согуштарында аскерлер бир катар катачылыктарды кетиргенин белгилеп, АКШдан автоколонналарды жана башка жылып бараткан нерселерди мээлеген учурда, өзгөчө этияттыкты талап кылат. Укук коргоо уюму бутага, анын эмне экени айныксыз так аныкталгандан кийин гана ок чыгаруу керек деп жазат.
Уюмдун бул талабында калет жок. Анткени Косовону бомбалоо учурунда НАТОнун учактары качкындар автоколоннасына жаңылыш бомба таштап, 20 чакты бейкүнөө кишинин ажалына калган болчу. Ал эми Ооганстанда болсо АКШ аскерлери үйлөнүү тойуна чогулган кишилерди бомбалап, ончакты кишини өлтүрүп салышканы оогандардын эсинде.
Андан сырткары уюм АКШдан жана анын өнөктөрүнөн согуш калк жыш жашаган райондордо жүргүзүлгөн учурда бутаны так мээлеген жабдууларды колдонууну талап кылат. Калк жашаган аймактарда чачыраган бомбалар менен окторду жана жер миналарын колдонууга болбойт. Өткөн чактагы согуштар андай куралдан көп учурда аскерлер эмес, карапайым калк жабыркай тургандыгын көрсөткөн.
Ошону менен катар уюм душмандын аскерлерин камалоо жана туткунга алууда Женева Конвенциясынын эрежелерин так тутууну талап кылды. Туткундар АКШ менен өнөктөш болуп жаткан куралдуу күрт бөлүктөрүнүн колуна түшөбү же америкалык аскерлердин колуна түшөбү, туткундардын өмүрү корголууга тийиш экенин уюм баса көрсөтөт. Катта уюм Ооганстандагы согушта Түндүк Альянстын колуна түшкөн жүздөгөн талибан туткундар бөөдө кырылып калганын эскерет.
Ошондой эле уюм оккупацияланган жерлердеги калктын коопсуздугун камсыздап, качкындарга гумжардам берүүгө толук шарт түзүүнү талап кылды.