Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:43

ОРТОЛУК ЖАНА ЧЫГЫШ ЕВРОПА ӨЛКӨЛӨРҮНҮН АКШнын ИРАК САЯСАТЫН КОЛДОО СЕБЕПТЕРИ


АКШнын Мамлекеттик секретары Колин Пауэлл Кошмо Штаттары башындагы көп улуттуу күчтөрдүн Иракка каршы согушун колдогон 30га жакын мамлекеттин тизмесин жарыя кылды. Көңүл бурчу жагдай, Саддам Хусейндин режимин алмаштырууну жактаган өлкөлөрдүн көпчүлүгү Борбордук жана Чыгыш Европа мамлекеттери. Эмне үчүн?

Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик секретары Колин Пауэлл президент Саддам Хусейндин диктатордук режимин алмаштырып, Иракта демократиялуу өкмөттү курууну 30га жакын өлкө жактаарын жарыя кылды. Бул тизмеде Ирактан өтө алыс жайгашкан Австралия, Колумбия жана Чыгыш Африкадан Эфиопия сыяктуу өлкөлөр, Кавказдан Азербайжан жана Борбор Азиядан Өзбекстан да бар. Бирок, алардын көпчүлүгү мурдакы коммунисттик өлкөлөр: Польша, Мажарстан, Чехия, Словакия; Балтика боюндагы Эстония, Латвия жана Литва; Болгария, Македония, Хорватия жана Румыния. Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрү эмне үчүн АКШнын Иракка каршы согушун жабыла колдошууда?

Римдеги Америка университетинин профессору Жеймс Уолтсондун пикирин уксак:

- Бул өткөндү жана Кансыз согуш жылдарын ачыктан ачык эске салат. Кошмо Штаттарынын Кансыз согушту токтотууга кошкон эмгеги эске алынууда.

Варшавадагы Саясый изилдөөлөр институнунун талдоочусу Антони Каминскинин айтымында, чыгыш европалыктар Ирак чатагы европалык -түндүк америкалык кызматташууга тескери таасир этет деп кооптонушат:

- Борбор европалыктар бул кадамы менен трансатлантикалык карым-катнаштын осолдошуна каршы мамиледе экенин билдиришүүдө. Американын Ирак саясатын колдоо жөнүндө кеп жүрүп жаткан жок, маселе америкалыктардын Европада кала беришин жактоо жөнүндө болууда.


Келерки жылы Европа биримдигине кошулганы турган Борбордук жана Чыгыш Европа мамлекеттеринин АКШнын Ирак саясатын жактап чыгуусу Ирак кризиси Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши аркылуу жөндөлсүн деп көшөрүп турган Франция, Германия жана Бельгияга жага бербеди.

Бирок, Европанын айрым өлкөлөрү ортосунда пайда болгон этият мамиле убактылуу көрүнүш деп санашат байкоочулар.

Проф. Уолтсондун сөзүнө караганда:

- Бул жерде интеграция жөнүндө сөз кылып да болбойт. Бирок, Европа биримдигинин өзү интеграцияга каршы болбогондон кийин, сиз кантип бул процесстер Европага каршы багытталган деп айтасыз.

Колин Пауэлл жарыялаган тизмедеги мурдакы коммунисттик өлкөлөр Иракты токтоосуз куралсыздандырууну жакташканы менен, алардын согушка кошкон салымы аскерий жактан чоң мааниге ээ эмес.

Айтсак, Чехия менен Словакия согуш жүрүп жаткан аймакка 500 жоокерден турган химиялык бөлүктү жөнөткөн. Алар уруш талаасында жараат алган жоокерлерге гуманитардык жардам көрсөтүшөт. Польша жөнөтчү 200 аскер да урушка түздөн түз катышпайт. Германия - согушка каршы. Лекин, ал Кувейттеги химиялык батальонунун санын көбөйтмөк болууда.

Жалпысынан алганда, Перс булуңундагы биринчи согуштан айырмаланып, бул ирет АКШнын аракети кеңири масштабда колдоо алган жок.
Россия, Кытай жана Германия уруштун башталганына өкүнүчтө экенин билдиришти. Тескерисинче, Япониянын өкмөт башчысы Койзуми АКШнын аракетин жактады.

Кытайдын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Конг Цзяндын билдиришинче:

- Иракка жасалып жаткан чабуул көпчүлүк өлкөлөрдүн жана дүйнө элдеринин, ошондой эле Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин пикирин эске алган жок. Коопсуздук кеңеши чабуулду Улуттар Уюмунун хартиясын жана эл аралык мыйзамдардын негиздерин бузуу катары баалайт.

АКШнын Иракка каршы согушуна каршы бейшемби күнү Австралиянын Сидней жана Мельбурн шаарларында он миңдеген адамдар катышкан жана бир нече саатка созулган кубаттуу демонстрация өттү.
XS
SM
MD
LG