Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:06

ИРАК МАСЕЛЕСИНДЕГИ КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭЭЛЕГЕН ПОЗИЦИЯСЫ ТУУРАБЫ?


Иракта согуш башталды. Кыргызстан бул маселеге карата өз позициясын буга чейин эле жарыялаган. Бишкек «Ирак маселеси Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин алкагында чечилиш керек» деген позицияда турат. Бул Кыргызстан менен АКШнын мамилесине кандай таасир этет?

Ирак маселеси боюнча дүйнө мамлекеттеринин, анын ичинде Борбордук Азия өлкөлөрүнүн позициясы экиге бөлүнүп кетти. Иракка каршы согушту региондогу Өзбекстан, Түркмөнстан ачык колдоп чыкса, Кыргызстан менен Тажикстандын позициясы Франция, Германия, Орусия ээлеген позицияга окшош болду. Бул мамлекеттер Бириккен Улуттар Уюмунун чечимисиз согуш баштоого караманча каршы чыгышканы маалым. Ал эми Казакстан маселени Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында чечүүнү жактоо менен, бирок, «согуш отунун тутанышына Саддам Хусейин өзү күнөөлүү» деп, АКШны актап кетти.

Кыргызстан мына ушул бир жактуу позициясы менен эл аралык аренада башкы өнөктөшү Москва экенин, андан кийин башкалар экенин далилдеди. Бирок Бишкек Москвадан кандай көз каранды болсо, АКШга андан кем муктаж эмес. Анткени өлкөгө келип жаткан жардамдын басымдуу бөлүгү ушул өлкө аркылуу келет.

Мына ушундай шартта расмий Бишкек карманган жол анын Вашингтон менен болгон мамилесине таасир этпейби? Дегеле Кыргызстандын бул жолу туурабы? Бул маселеге карата Мыйзам чыгаруу жыйынынын эл аралык иштер боюнча комитетинин башчысы Алишер Абдимомуновдун пикири мындай болду:

- Кыргызстанга Батыш менен да, Чыгыш менен да мамиле түзүш кыйын. Биз чакан, тажрыйбасы жок мамлекетпиз. Ошондуктан абдан этият болушубуз керек. Өзгөчө ушуга окшогон глобалдык маселелерде. Эми азыр Франция, Орусия, Кытай кырдаалдан оңой чыгып кетишет. Кыргызстан болсо жаман абалда калышы мүмкүн. Ошондуктан терроризмге каршы күрөшкө кошулган мамлекет катары, терроризмге каршы күрөштүн уландысы деп буга кошулбаганыбыз, ал эмес азыркы согушту «элге каршы согуш» деп айтканыбыз биздин позициябыздын эки түрдүү экенин көрсөтүп коет.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынындагы «Кыргызстан» депутаттык тобунун лидери Ишенбай Кадырбековдун пикири төмөнкүдөй:

- Ушул маселе боюнча Кытайга окшоп унчукпай койгонубуз эле жакшы болмок. Килейген Кытай оңго да, солго да кошулган жок. Каршы да чыккан жок, макулдук да берген жок. Эми ушундай чоң Кытай унчукпай, АКШга каршы чыкпай кылдаттык менен мамиле кылып жатса, биз алдыга чыгып каршы чыкканыбыз - бул дипломатиялык жана башка жактан да туура эмес. Согуш бүтөт. Америка өз маселесин чечип алгандан кийин кайсы мамлекет ошол кезде кандай мамиле кылганын ревизия жасайт. Ошого жараша өзүнүн мамилесин ошол мамлекеттерге өзгөртөт. Ошондуктан мунун бизге таасир этээрине менин көзүм жетип турат.

Кыргыз өкмөтүнүн позициясын колдогон «Атамекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өз пикирин мындайча билдирди:

- Биздин Кыргызстандын тутунган позициясы менимче жалпы адамзаттын дүйнөлүк тартип тууралуу позициясына дал келет. Эч убакта жалгыз бир мамлекет күчүнө таянып, кошуналарын «мындай жаша, тигиндей жаша» деп үйрөткөнгө акысы жок. Үйрөтсө ал сүйлөшүү жолу менен жасалыш керек. Ошондуктан биз АКШнын Иракка согуш жарыялаганын колдой албайбыз.

«Кыргызстандын позициясы анын АКШ менен мамилесинин өзгөрүшүнө алып келбейби?» -деген суроого өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев минтип жооп берди:

- Эми Кыргызстан менен Американын мамилесине бул позиция менин оюмча таасир этпейт. Бирок Американын позициясын колдоп берсек, анда анча-мынча жардам алып калат элек. Жалпысынын кыргыз өкмөтүнүн позициясын колдоймун.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG