Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:05

КЫРГЫЗСТАН ИРАКТАГЫ СОГУШ БУУнун КООПСУЗДУК КЕҢЕШИН КЫЙГАП ӨТҮП БАШТАЛГАНДЫГЫНА ӨКҮНӨТ


АКШнын Иракка каршы согуш ачкандыгына байланыштуу 20-мартта Кыргызстандын тышкы иштер министри билдирүү жасап, бул маселени ушул эле күнү парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйыны талкуулады.

- Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Иракта согуш аракеттеринин башталгандыгына жана Ирак маселеси коллективдүү коопсуздук боюнча эл аралык башкы орган - Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешин кыйгап, күч колдонуу менен чечиле баштагандыгына өтө кабатырланып, өкүнүп жаткандыгын билдирет, - деп билдирди Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов 20-мартта АКШнын Иракка каршы согуш ачкандыгына байланыштуу.

- Кыргызстан буга чейин Ирак проблемасы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечиминин негизинде саясий жол менен чечилишин жактап келген. Ошондуктан Кыргызстан саясий мүмкүнчүлүктүн толук колдонулбай калгандыгына өкүнөт жана эл арасында курмандыктар көп болбойт, массалык кыргын салуучу куралдар колдонулбайт деген үмүттө. Кыргызстан эл аралык коомчулук региондо гуманитардык кризиске жол бербейт жана Ирак жеринде тынчтыкты тез орнотуп, согуштан кийинки кайра калыбына келтирүү ишин баштайт деп үмүттөнөт.

Аскар Айтматов өз билдирүүсүндө мындан тышкары Кыргызстандын «Манас» аба майданындагы авиабаза Ооганстандагы антитеррористтик чабуулдар үчүн гана колдонулаарын баса белгиледи.
Ал эми парламенттин бул маселеге түшкө чейин кайрылган Мыйзам чыгаруу жыйыны тышкы иштер министринин орун басары Жээнбек Кулубаевдин, Улуттук коопсуздук кызматынын төрага орун басары Токон Мамытовдун жана ички иштер министринин орун басары Расулберди Раимбердиевдин маалыматын укту.

Палата үч негизги маселени - Кыргызстандын бул согушка карата кандай мамиледе болоорун, “АКШнын чабуулуна агрессия деген баа берилеби жана согуштун Кыргызстанга тийгизе турган кесепети кандай болот” деген маселелерди тактап алууга аракеттенди. Депутаттардын айтымында, мындай суроолордун чыгышына «Манас» аэропортунда антитеррористтик коалициянын аскер базасынын жайгашкандыгы жана андагы учактар Ирактагы чабуулга да катыштырылаары тууралуу кооптонуу негиз берди.

Депутат Алымбай Султанов «Американын Иракка карата согушун каракчылык деп гана атоого болот” деп, «Манас” аэропортуна чет элдик аскерлерди жайгаштыруу келишиминин мөөнөтү эбак бүткөндүгүн эске салды. Тышкы иштер министринин орун басары Жээнбек Кулубаев келишим түзгөн эки тарап - Кыргызстан менен антитеррористтик коалициянын бирөө келишимди токтотуу ыкласын билдирбегенден кийин келишим күчүндө кала берээрин түшүндүрдү.

“Согуштун Кыргызстанга тийгизе турган кандай кесепети болушу мүмкүн?” деген суроого ички иштер министринин орун басары Расулберди Раимбердиев жоо берди:

- Биринчиден, биздин өлкөгө Ооганстан жана Тажикстан аркылуу качкындар келиши мүмкүн деген ой бар. Экинчиден, биздин жерде чет элдик аскерлер турганынан улам ошолорго каршы же чет элдик элчиликтерге каршы террордук актылар болушу мүмкүн деген коркунуч бар. Анткени дүйнөнүн бардык жеринде ар кандай аракеттер көрүлөт деген маалымат тарап атканын жакшы билесиздер. Ошондон улам алдын-ала коопсуздук чараларын көрүп, пландарды түзүп, ошол пландардын негизинде иш жүргүзүп атабыз. Менимче, биздин өлкөнүн ички турмушуна таасир тийгизе турган ушундай зыяндуу жагдайлар болушу мүмкүн.

Депутаттарды мындан тышкары “Кыргызстандын Коопсуздук Кеңеши Ирактагы кырдаалды талкууладыбы, президент кай тарапты жактай тургандыгын ачык билдирдиби?” - деген суроо кызыктырды. Тышкы иштер министринин орун басары Жээнбек Кулубаевдин айтымында, азыр бул маселе Коопсуздук Кеңешинде карала элек.

Ал эми Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары Токон Мамытов согуштун башталгандыгына байланыштуу дүйнө жүзүндө АКШны жек көрүү сезими пайда болуп, ар кандай террористтик актылар болушу мүмкүн экендигин эске салды. Мындан тышкары ал “жалпы региондо качкындардын миграциясынын күчөп, акыркы жылдары басаңдап калган күрд маселесинин кайрадан курчушу мүмкүн” деген божомол болуп жаткандыгын кабарлады.

Ички иштер министринин орун басары Расулберди Раимбердиев өкмөт Иракка байланыштуу соңку кырдаалдан улам 14-мартта эле уюштуруу иштери тууралуу токтом кабыл алып, коопсуздук жаатында чара көрүү милдетин койгондугун билдирди.

XS
SM
MD
LG