Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:15

АКШ-ИРАК СОГУШУНУН ЭКОЛОГИЯГА ТИЙГИЗЧҮ КЕСЕПЕТТЕРИ


“АКШ-Ирак согушунун кесепеттери Кыргызстандын экологиясына да таасирин тийгизеби?» - деген суроо окумуштуу адистердин да тынчын алган маселе болууда. Кыргызстандык экологдордун айтымында, Ирактагы карамай кендеринин күйүшү бир эле Перс булуңунда эмес, дүйнөнүн калган бөлүгүндө, анын ичинде, Борбордук Азияда да абанын булганышына, күндүн кескин ысышына жана түшүмдүн азайышына алып келет.

Кыргызстандык адистер Иракка каршы башталган согуш дүйнөнүн ансыз да кыйындап турган экологиялык абалына терс таасирин тийгизет деген пикирде. «Борбордук Азия аймагынын экологиялык борбору» уюмунун башкаруу кеңешинин мүчөсү, география илимдеринин доктору, профессор Эмил Шүкүровдун сөзүнө караганда, Перс булуңундагы канабайрам Борбордук Азиянын экологиясын да бузат.

- Борбордук Азияга согуштун эки чоң кесепети тиет, - дейт Эмил Шүкүров. - Биринчиси - эбегейсиз көп карамайдын күйүшү менен абанын булганышы, экинчиси - жандуу табиятка, жан-жаныбарларга түздөн-түз зыяны. 1991-жылдагы согушта Ирак аймагындагы карамай кендеринин өрттөлүшүнөн аба кандай булганып, анын зыянын Борбордук Азия аймагы да кандай тартканы али унутула элек. Ошол учурда Кыргызстанда да абанын булганышы байкалып, радиациянын терс таасири күчөгөн болчу. Айтып коюучу нерсе - ансыз да соңку мезгилде кургакчылыгы күчөгөн Кыргызстандын аба ырайы согуштун кесепетинен ого бетер ысып, түшүм күйүп, натыйжада элди тамак-аш менен камсыз кылуу кыйындашы мүмкүн. Аскердик чабуулдардын табийгый өсүмдүктөрүбүзгө, токойлорубузга, тоолорубуздагы карагайларыбызга, көк тулаң чөптөрүбүзгө зыяны тийиши мүмкүн.

Окумуштуу согуштун кесепетинен Перс булуңундагы жан-жаныбарлар кырылаарын, атургай Ирак, Иран аркылуу жазында Кыргызстанга учуп келчү канаттуулардын көбү өлүмгө учураарын айтты.

- Согуштун кесепетинен Жакынкы жана Ортоңку Чыгыштагы жан-жаныбарлар жана өсүмдүктөр өлөт. Биз Иракка каршы ачылган мурдагы согуштардын жүрүшүндө Түштүк-Чыгыш Африкада кыштап, жазында Ирак, Иран аркылуу Борбордук Азияга учуп келчү чабалекей, өрдөк сыңары канаттуулар ок-дары менен карамайдын түтүнүн аралап учуп келгенин, алардын көбү жолдо өлгөнүн аныктаганбыз. Тилекке каршы бул согуш жаз келгенде башталып отурат. Ошондон улам Кыргызстанга, Казакстанга жана Сибирге чейин жылдын жылуу мезгилин уулап, учуп келчү канаттуулардын көбү бул жолу Перс булуңунда эле кырылып калат деп айтууга негиз бар. Жаз келип, жаратылыш жандана баштаганда согуштун ачылганына биз, экологдор каршыбыз, - деди Эмил Шүкүров.

Анын айтымында, аба-ырайынын ысып баратышын токтотуу боюнча Киото протоколунун айланасына баш кошкон бир катар мамлекеттердин буга чейинки жасаган эмгегин Америка Кошмо Штаттары бир согуш менен жокко чыгармак болду.

- АКШ цивилизациялуу, демократияны жар салган мамлекет катары эсептелет. Бирок бул согушту ачуу менен ал жер шарынын жалпы экологиясына, демек, бүтүн адамзатка коркунуч келтирүүдө, - дейт капа болгонун жашырбаган Эмил Шүкүров.

Анын оюн Кыргыз тоо-кен институтунун ректору, профессор Кубат Осмонбетов да колдоду:

- Ирактын аймагындагы карамай кендери өрттөнсө, кокус өзөктүк жана химиялык кыргын салуучу куралдары болуп калса, аларга бомба түшүп, жарылса, анда алардын кесепети Борбордук Азияга чейин, анын ичинде Кыргызстанга да келиши ыктымал. Бирок бизде аба ырайынын адамга билинбей өзгөрүп, ден-соолукка терс таасирин тийгизе турган кесепеттерин аныктай турган жабдуунун бар экендигине менин шегим бар. Менимче, андай жабдуу Кыргызстанда жок.

Айтмакчы, Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги өзүнүн 17-мартта тараткан маалыматында согуштун экологиялык залакасы ондогон жылдарга чейин жалпы адамзаттын баш оорусуна айланаарын айтып чыккан.
XS
SM
MD
LG