Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:02

ТҮРКИЯ АКШ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУДА


Бейшемби күнү Түркия парламенти - Бүйүк Межлис -АКШнын аскер учактарынын өлкөнүн аба мейкиндигин пайдаланышына уруксат берүү тууралуу өкмөттүк сунушту колдоду. Түрк аскерлери да түндүк Иракка кайрымдуулук жардамын көрсөтүү үчүн расмий мүмкүнчүлүк алууда.

20 мартта Түрк Бүйүк Межлиси АКШнын аскер учактарынын өлкө аркылуу коңшу Иракка абадан чабуул жасашына жана түрк аскерлеринин түндүк Иракка жөнөтүлүшүнө уруксат берчү чечимди кабыл алды. Өкмөттүн бул сунушу үчүн 332 депутат “макул”, 202си “каршы” добуш берди.

Кабарчыбыз Замира Эшанованын Анкарадан маалымдашынча, түрк аскерлери согуш өнөктүгүнө катыша албайт, бирок качкындардын агылышын көзөмөлдөө сыяктуу гуманитардык иш-аракеттерди жүргүзүүгө акылуу.

АКШ Ирак меселесинде НАТОго мүчө жалгыз мусулман өлкөсү болгон Түркиянын колдоосун алыш үчүн көп аракет жасаган. 10- февралда уюмдун Брюсселдеги жыйынында Түркияны кошуна Ирактын болжолдуу соккусунан коргоо жөнүндөгү Вашингтон менен Анкаранын биргелешкен планы сунушталган. Ага алгачкылардан болуп Бельгия каршы чыккан. Франция менен Германия да “Пэтриот” ракеталары менен “Авакс” учактарын жиберүү сунушун колдошкон эмес.

АКШнын андан кийинки кадамы америкалык 62 миң аскерди Түркияда жайгаштыруу жөнүндө Абдулла Гүлдүн өкмөтүнө кайрылуусу болду. Бирок 1- мартта анатолиялык депутаттар чет элдик аскерлерди өлкөнүн аймагында жайгаштыруу жана түрк армиясын башка өлкөгө жиберүү жөнүндөгү өкмөттүн сунушун четке кагышкан болчу. Түркия бул жерде биринчи кезекте экономикалык кызыкчылыктарды көздөгөн эле .

Кошмо Штаттары жалпысынан алганда 15 миллиард доллардык жардамга сөз берген. Андан тышкары Вашингтон Түркия АКШ менен кызматташса, Ирактын келечекки түзүлүшүн аныктоодо анын пикири эске алынаарын билдирген. Түркия эгер согуш башталса күрддөр өлкөнүн чекарасында өз алдынча мамлекет түзүп, ансыз да тынч эмес түштүктөгү күрд азчылыктарын Анкарага каршы козутат деген чочулоосун эч качан жашырган эмес.

Ошентип Түрк өкмөтү өлкө жарандарынын 94 проценти согушка каршы болгондугуна карабай бир жагынан экономикалык, экинчи жагынан - саясий себептерден улам АКШнын сунуштарын кабыл алган. Түрк армиясынын башчысы Хилми Өзкөк “Түркия согушту болтура албайт. Согуш башталса биз ага катышсак да, катышпасак да, анын запкысын бирдей чегебиз”, - деп депутаттарга кайрылган эле.

Бирок Бүйүк Межлистин алгачкы талкууда өкмөттүк сунушка каршы чыгышы Анкараны өз шериги алдында оңтойсуз абалга калтырды. Бийликтеги Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын лидери Эрдоган добуш берүүдөн кийин: “Өкмөт Межлистин демократиялык тандоосуна ылайык эң ыңгайлуу альтернатива иштеп чыгышы керек”, - деп айткан эле. Бул жолу сөз АКШ аскерлерине өлкөнүн аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берүү жана түрк аскерлерин Түндүк Иракка жиберүү жөнүндө гана болуп жатат.

Түрк парламентинин чечимин жактыргандар да, сынга алгандар да арбын болууда. Маселен, Мурат аттуу ишкер өкмөттүн этияттыгы туура деп эсептейт:

- Бул маселеде өкмөт туура саясат жүргүздү. Биз согушка кирүүнү каалабайбыз. Дүйнөдө эч бир жерде согуш болбоого тийиш. Улуттар бири-бирин кырганы туура эмес.

Ал эми айрым ардагер түрк генералдары азыркы өкмөттү “коркок” деп айыптап, улуттук кызыкчылыкты дурустап коргой алган жок, Түркия үчүн АКШ менен тыгыз кызматташуу зарыл болчу деп айтууда.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG