Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:51

АКШнын ЖЕТЕГИНДЕГИ АСКЕРЛЕР БАГДАДГА КАРАЙ ЧАБУУЛУН КҮЧӨТТҮ


Кошмо Штаттардын жетегиндеги аскер күчтөрү Багдадды улам жаңы күч менен бомбалоодо. Дүйнө өлкөлөрүнүн айрымдары АКШга өз колдоосун билдирсе, башкалары сынга алууда.

Кечээ кечинде Түндүк Кувейттин Ирак менен чек арасында турган АКШнын Үчүнчү жөө аскерлер дивизиясы эми согуш аракеттерине түздөн-түз киришкенин кабарчыбыз Рон Синовиц майдан талаасынан жаңы эле маалымдады. Ал эми АКШ учактарынын үстөккө-босток бомбалоосунан улам, Багдаддагы Саддам Хусейндин башкы сарайы алоолонгон отко чулганды. Бул сарай Ирак диктаторунун башкы кеңсеси болгон менен,ал мында анча көп деле кармалчу эмес.

Чабуулдан улам канча киши жабыр тартканы тууралуу так маалымат алууга азырынча эч мүмкүн эмес болууда. Саддам Хусейндин өзү жана жакын жөкөрлөрү кайерде экени да белгисиз. Кечээ Саддам сыналгыдан чыгып сүйлөп, ирак элин кашык каны калгыча атажурту коргоого чакырган:

- Бүгүн, 2003-жылдын 20-мартында, кылмышкер жана акылы жок кенже Буш көптөн бери бизди коркутуп-үркүтүп келген оюн жүзөгө ашырып, адамзатка каршы кылмыш жасоого барды.

Саддамдын бул сөзүн уккан айрым адистер чын эле ирак президенти өзү сыналгыдан чыктыбы, же анын сөзү жазылган тасмадагы киши анын “айтылуу түгөйлөрүнүн” бириби деген суроого баш оорутушууда.

Ирактыктар да жөн жатпай, кечээ Кувейтти көздөй ракета менен аткылашты. Бирок бул ракеталар учуп келе жатканда эле жок кылынганы тууралуу кабардалууда. Кувейтте алардын жарылышынан жапа чеккен кишилер же зыян тарткан имараттар болгон-болбогону тууралуу азырынча маалымат жарыяланган жок.

Ал эми АКШнын президенти Жорж Уокер Буш америкалык аскерлерге өнөктөш болгон жана тек гана тилектештигин билдирген өлкөлөргө кечээ өз ыраазычылыгын айтты:

- Кырктан ашуун өлкө ушул тапта биздин иш-аракетти колдоодо. Биз алардын чечкиндүүлүгүнө ыраазыбыз. Биз алардын ой чабытын баалайбыз жана бизге колдоо көрсөткөнүн кубаттайбыз.

Президент Буш башкы мүдөө - Багдаддагы диктатуралык режимди ойрон кылып, Ирактагы массалык кыргын куралдарын жоготуу экенин байма-бай айтып келет.

Франция, Германия, Кытай жана Орусия сыяктуу өлкөлөр Кошмо Штаттарды тынчтык сүйлөшүүлөр жолунан чыгып, аскердик өнөктүк нугун тандагандыгы үчүн сынга алууда. Орус президенти Владимир Путин:

- Орусия тез арада согуш аракеттерин токтотуу зарыл деп эсептейт. Биз мурдагыдай эле ишенебиз: дүйнөдөгү кризистик кырдаалдарды, анын ичинде – Ирак жаңжалын чечүүдөгү борбордук рол БУУнун Коопсуздук Кеңешине таандык болууга тийиш.

Ал эми Ирактын түндүк коңшусу – Түркияга келсек, кечээ анын парламенти – Бүйүк Миллий Межлис - АКШнын аскердик учактарына түрк аба мейкиндигин колдонууга уруксат берди. АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Ричард Баучер:

- Биз Түркиянын колдоосун кубаттайбыз. Биздин оюбузча, бул кадам –ынтымакташтардын иш-аракеттерин колдоого алууга болгон Түркиянын ниетин айгинелейт. Биз бул аракетти кубаттайбыз.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде АКШнын байтактысы Вашингтондун өзүндө да Ирактагы согушту токтотууну талап кылган демонстрациялар өткөрүлдү. Ал эми аскердик адистердин жоромолуна караганда, кургактыктагы ири согуш аракеттери жаңыдан гана башталууда.

XS
SM
MD
LG