Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:17

ОСКАР САЛТАНАТЫ ӨЗ УБАГЫНДА ӨТӨТ


Нарын АЙЫП, Прага Келерки жекшемби, 23-март күнү Голливуддун "Кодак" театрында "Оскар" сыйлыктарын берүү боюнча кезектеги салтанат болоору күтүлүүдө. Бирок Ирак согушу менен байланыштуу, кээ бир чакырылган коноктор салтанаттуу каадага келбей турганын билдирди, айрым эксперттердин пикиринде болсо, салтанатты кийинкиге калтырса деле болмок.

Айтылган бир топ сунуштарга карабастан, Америка Кошмо Штаттарынын киноакадемиясы "Оскар" сыйлыктарын тапшыруу каадасын белгиленген күнү - 23-мартта өткөрүүнү чечти. Бирок ал демейдегидей өтө салтанаттуу болбойт. Андан тышкары, адатка айланган кээ бир башка жөрөлгөлөр дагы күн тартибинен алынды, мисал үчүн ар бир салтанаттан кийин "Эй-Би-Си" сыналгысы көп жылдан бери Барбара Уолтерс менен интервью уюштурчу, быйыл андай маек 22 жылдын ичинде биринчи жолу болбойт.

Маселе - Ирак согушу менен байланыштуу. Кээ бир артисттер жана жетекчилер - согуш жүрүп, бомбалар астында жазыксыз адамдар өлүп жаткан кезде деги эле шаан-шөкөт өткөрүүнүн эч кажети жок десе, кээ бирлери - элдин баары "Эй-Би-Си" аркылуу "Оскар" салтанатын көргөндөн мурда, "Си-Эн-Энден" Иракта эмне болуп жатканын көргөндү каалайт деген пикирде.

Согуш башталаар алдында АКШ президенти Жорж Буш өзү дагы Ирактагы окуяларды "кино" деп атаган: "Бул бир жаман кинонун улам кайра көрсөтүлүп жатканына окшош. Саддам Хусейн улам эле баарын кийинкиге калтырат, улам эле бизди алдайт, улам кайра - дагы убакыт бергиле дейт. Инспекторлор менен ал жашынмак ойнойт. Бир гана нерсе так - ал куралсызданбай жатат".

"Оскар" салтанатын сыналгы аркылуу түз эфирде көрсөтүү телекомпаниялар үчүн өтө кирешелүү нерсе. Каада учурунда коюлган реклама азыр Кошмо Штаттарында баасы боюнча экинчи орунда. Биринчи орунда - америкалык футбол боюнча "Супер боул" деген мелдеш турат. "Оскар" салтанатын көрсөтүү учурунда 30 секундалык реклама коюш үчүн бир миллион доллардан ашык акча төлөнөт. Мисал үчүн, былтыркы каада учурунда баалар бир миллион 300 миңден бир миллион 450 миң долларга чейин болгон.

Бирок быйыл абал башка жана кээ бир белгилүү адамдар салтанатка келбей турганын билдирди. Мисал үчүн, "Эң жакшы чет өлкөлүк тасма" деген сыйлыкка көрсөтүлгөн финляндиялык "Өткөн чагы жок адам" деген кинонун режиссеру Аки Каурисмаки - Ирак согушу менен байланыштуу салтанатка келүүдөн баш тартты. "Кара кийинген адамдар" деген филмде башкы каарманды ойногон Уильям Смит дагы Голливудка келбейт. Ал быйыл эң кыйын оюнчуларга сыйлык тапшырмак, бирок дүйнөдөгү абал менен байланыштуу "Оскар" салтанатына катышууну өзү үчүн ыңгайсыз деп чечти.

Атактуу Дастин Хоффмандын айтымында болсо, ал салтанат учурунда өзүнүн жакасына согушка каршы белги тагып алат. Америкалык киноартисттер арасында согушка каршы кыймыл да пайда болду жана алар каада учурунда башка да бир каршылык аракеттерин жүзөгө ашырышы мүмкүн. Алардын кээ бирлери салтанатты кийинкиге калтырууну да сунуштаган, бирок уюуштуруучулар ага барган жок.

Атактуу "Эмми" сыйлыгын тапшыруу, мисал үчүн, 2001-жылы эки жолу кийинкиге калтырылган. Алгач ал сентябрга белгиленген, бирок 11-сентябрда АКШга каршы террор аракеттери жасалгандыктан, салтанат октябрга которулган. Ал эми 7-октябрда Америка Кошмо Штаттары Ооганстанга каршы согуш баштаганда, "Эмминин" уюштуруучулары салтанаттуу кааданы дагы бир жолу кийинкиге калтырууга аргасыз болушкан.
XS
SM
MD
LG