Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Кыргызстандын тарыхы тууралуу китеп


Тарых илимдеринин доктору Жеңишбек Жунушалиевдин «Жаратмандыктын учуру жана арман дүйнѳ» («Время созидания и трагедия») аттуу китеби жарык көрдү. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналган бул китеп кыргыз улутунун акыркы 15 кылымдан берки тарыхына сереп салат. Автор үч бөлүмдөн турган бул китебинде Кыргыз каганаты, Кыргыз автономиялуу республикасы жана эгемен Кыргызстан болуп үч ирет кайра жаралган мамлекеттин өсүш жолун талдаган. Жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн жарык көргөн 15 басма табактан турган илимий китептин бет ачаары бейшембиде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өттү.

XS
SM
MD
LG