Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:19

Д.Садырбаевдин арыздары


Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дооронбек Садырбаевдин эки доо арызынын негизинде “Вечерний Бишкек» гезитине карата сот жараянынын кезектеги отуруму 24-мартта жана 26-мартта ѳтѳт. Депутат алардын бирин «Көбүртүлгөн операнын каргылданган артисти» («Охрепший артист мыльной оперы») аттуу макала үчүн жарандык тартипте Свердлов райондук сотуна, ал эми экинчисин «Стабилсиздикке жол бербейбиз» («Дестабилизацию недопустим») аттуу макаласы үчүн 1-Май райондук сотуна кылмыш тартибинде берген. Эки макала тең ноябрь айы ичинде болгон нааразылык акцияларына байланыштырылып, алардын биринчисинде депутаттын Жалалабаттагы нааразылык акциясына катышкандыгы, экинчисинде Аксы-Бишкек жөө жүрүшүнүн уюштуруучуларынын катарында бийлик өкүлдөрү Дооронбек Садырбаевдин да атын атагандыгы жазылган. Депутаттын айтымында, ал нааразылык акциялары болгон кезде Жалалабатка барган эмес, ошондой эле расмий бийлик өкүлдөрү атаган саясатчылардын арасында Садырбаевдин ысымы айтылган эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG