Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Кыймылсыз мүлк салыгы парламентте талкууланууда


Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары округдарды ар айдын этегинде салттуу кыдыруусун бул ирет апрель айынын башына жылдырды. Палатанын мындай чечим кабыл алышына «Салык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндөгү» мыйзам долбоорунун күн тартибине шашылыш коюлушу себеп болду. Кыймылсыз мүлк салыгын киргизчү мыйзам долбооруна ылайык Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлктөрдөн салыктар алына баштайт. Эл аралык валюта корунун сунушуна ылайык кыргыз өкмөтү иштеп чыгып, сунуштаган долбоордо наркы125 миң сомдон жогору турган кыймылсыз мүлктөн салык алынуу керектиги белгиленген. Бирок, палата 500 миң сомдон ашык бааланган мүлктөн салык алууну жактоодо. Палатанын маалымат кызматынын билдиришинче, долбоорду талкуулоо 24-мартта уланат.

XS
SM
MD
LG