Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Кыргызстанга Орусиянын билим берүү министри келет


21-марттын түнүндө Кыргызстанга Орусиянын билим берүү министри Владимир Филипов келет. Анын Бишкекте Кыргызстандын билим жана маданият министри Ишенгүл Болжурова менен билим берүү тармагында кызматташуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп, жыйынынтыгында кызматташуу боюнча келишимге кол коюушу күтүлүүдѳ. Орусиялык министрди эртең президент Аскар Акаев кабыл алат. Бул тууралуу жума күнү Билим жана маданият министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда Владимир Филипов менен кошо Орусиянын ондон ашуун жогорку окуу жайларынын жетекчилери келишет. Алар кыргызстандык кесиптештери менен ЖОЖдор аралык кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюшмакчы. Жума күнү Кыргызстанга Москва мамлекеттик университетинин ректору Виктор Садовничий келип, Улуттук университетте жолугушуулар өткөрдү. Президент Аскар Акаев Виктор Садовничийди «Данакер» медалы менен сыйлоо жөнүндө жардык чыгарды.

XS
SM
MD
LG