Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Улуттар уюмунун реформаланышы күтүлүүдө


Ирак согушунан кийин эл аралык укук, мамлекеттер ортосундагы мамилени ыраатка салып келаткан система өзгөрүлөт. Аны менен Улуттар уюмун терең реформалоо маселеси курч коюла баштайт. Муну Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине мүчө болууга куштар Германия, Япония, Индия, Испания, Италия, Пакистан жана Иран көтөрүп чыгат, деп билдирди «Келечек долбоору» фондунун жетекчилеринин бири, Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев . Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаевдин пикиринде Ирактагы согуштан кийин Улуттар уюмуна кирген кубаттуу дүйнөлүк өлкөлөр ортосунда кайра бөлүштүрүү болот. Бул вето коюу укугуна байланыштуу келип чыгышы мүмкүн. Коопсуздук кеңешке туруктуу мүчө болуп мусулман өлкөлөрүнөн жана эми өнүгүп келаткан мамлекеттерден кирсе туура болмок, дейт Текебаев.

XS
SM
MD
LG