Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:25

Премьер-министр шашылыш жыйын өткөрдү


Ирактагы жагдайга байланыштуу 20-мартта кечинде премьер-министр Николай Танаев шашылыш жыйын өткөрдү. Жыйында Иракка жасалган чабуулдун Кыргызстанга тийгизүүчү таасирлери талкууланды. Кыргыз өкмөтү талаш-тартыштардын тынчтык жол менен чечилишине ынтызар экендиги белгиленди. Министрлерге эл аралык террорчулукка каршы туруу, күтүүсүз кырсыктарга байланыштуу калк коопсуздугун камсыз кылуу чараларын көрүп, элге түшүндүрүү иштерин бүгүн тапшырылды.
Жыйында кагылыш болуп жаткан аймакка жамаатташ өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандык жарандарды өз каалоолоруна ылайык коопсуз жактарга которуу маселеси да каралды. Расмий бийлик өкүлдөрүнүн билдиришинче, Иракка жасалып жаткан аскерий соккунун Кыргызстандын экономикасына олуттуу таасири тийбейт жана Кыргызстанга качкындардын чоң толкунун келиши күтүлбөйт. Бул тууралуу жума күнү өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

XS
SM
MD
LG