Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:39

ИРАКТА САЛГЫЛАШУУЛАР УЛАНТЫЛУУДА


АКШ жетектеген коалициялык күчтөр өткөн түнү Багдадга жана Ирактын Кувейт менен чектеш аймактарындагы объектилерине абадан сокку урушту. Ага удаа Кошмо Штаттар менен Британиянын жөө аскерлери бир нече багыттан Иракка танктардын коштоосунда басып киришти. Маалыматтарга караганда, Ирактын айрым жерлеринде салгылаштар жүрүп жатат, согуштун 2-күнү коалициялык күчтөргө алгачкы жоготууларды алып келди.

Соңку кабарларга караганда, Ирактын түндүк тарабына тереңдеп кирип бараткан коалициялык күчтөр айрым жерлерде куралдуу каршылыкка кабылууда. Кагылышуулар Умм-Касра шаарынын чет жагында, түштүктөгү Басра жана түндүктөгү Мосул калааларына жакын жерлерде жүрүп жатканы маалымдалды. Пентагон жума күнү бир АКШ аскери курман болуп, таңга маал бирдиктүү күчтөрдүн аскерий вертолету кыйрап, анын ичиндеги 12 британиялык жана 4 америкалык аскер шейит болгонун билдирди. Перси булуңундагы британ күчтөрүнүн басма сөз өкүлү, капитан Ал Луквуд вертолет душмандын огуна кабылган жок, кырсыктын техникалык себептери иликтенип жатат деп билдирди.

Анткен менен, Ирактын түндүк тарабына улам арылап кирип бараткан америкалык 3-дивизияны коштоп жүргөн "Азаттыктын" кабарчысы Рон Синовиц жума күнү эртең менен жолдо аларга азырынча эч ким каршылык көрсөтө элегин кабарлаган:

- Мен жолдо буга чейин жалаң мал багуу менен алектенген карапайым ирактыктарды гана учураттым. Алардын көпчүлүгү үйлөрүнөн, чатырларынан чыкпай, куралдарын ылдый каратып алып карап турушту. Айрым жерлерде эркектер, ал эмес аялдар көчөгө чуркап чыгып, АКШ аскерлерин: "Иншалла, Салам алейкум!" деп кыйкырып учурашып, тозуп алып жатышты. Азырынча бизге бир да куралчан душман туш боло элек. Бирок жолдо казылган аңдар, ээсиз калган танкалар, жыгачтан жасалган аскерий курулуштар көп эле кезикти, аларды 3-дивизиянын аскерлери аткылап-кыйратып келатышат.

Өткөн түнү британ аскерлери Ирактын түштүгүндөгү мунай түтүктөрүнүн түйүнү жайгашкан Фао жарым аралын колго алышты. Маалыматтарга караганда, аларга да эч ким олуттуу каршылык көрсөткөн эмес. АКШлык CNN телеканалы Ирактын 200дөн ашуун аскери куралын таштай, колдоруна ак желек кармап алып, багынып берип атканын көргөздү. Бирок, Ирактын түштүк бөлүгүндө АКШлык деңиз аскерлери чек арадан 200 метр өткөндөн кийин айыгышкан атышууларга туш болуп, азыр да ал жерде уруштар жүрүп жатат.

Кошмо Штаттардын коргоо министри Доналд Рамсфелд Вашингтондо өткөн пресс-конференцияда Саддам Хусейн кан төгүүнү күчөтпөй, бийликтен кетиши ыктымал деген үмүтүн ортого салды:

- Ирак режимин кулатууну көздөгөн согуш улантылууда. Саддам жан-жөкөрлөрү менен анын күчөшүн күтүп отурбай, тиешелүү чечим кабыл алса жакшы болмок. Биз дагы да болсо, алар кеңири салгылашууларга жеткирбей, бийликтен баш тартышы мүмкүн деп үмүттөнөбүз.

Ал Ирактагы согуш башталгандан көп өтпөй, элге телекөрсөтүү аркылуу кайрылган адам – Саддам Хусейндин өзүбү, же анын көп айтылып жүргөн жасалма түгөйүбү деген маселени эксперттер дыкат изилдеп жатышканын кошумчалай кетти.

Өткөн түнү Ирактын өкмөттүк имараттары, Саддамдын хансарайы бутага алынгандыктан, чабуулдан ким өлүп, ким аман калды деген суроо талкуулана баштады эле, Ирактын маалымат министри Саид ас-Сахаф жума күнү Багдадда өткөн басма сөз жыйынында ага чечкиндүү жооп узатты:

- АКШлык аскерлер президент Саддам Хусейндин үй-бүлөсүнө таандык резиденцияны бомбалашты, бирок алар, кудайга шүгүр, аман калышты. Коалициялык күчтөр Ирактын аймагына 100 км ден ашуун аралыкка чейин кирип барды деген маалыматтар жалган, алар бир нече километрден ары узай алышпайт.


Аңгыча Ирактын маалымат каражаттары өткөн түнкү аба чабуулдарынан улуттук армиянын 4 аскери курман болуп, бешөө жарадар абалда экенин кабарлашты. Бүгүн кечке маал АКШ менен Британиянын согуштук авиациясы Ирактагы аба соккуларын жандантып, Ирак тарап да Кувейтти көздөй "СКАД" үлгүсүндөгү ракеталарын жаадырды.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG