Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:30

АКШнын Ооганстандагы аскерлери “ал-Кайида” террорчуларынын калдыктарын издөөнү улантып жатышат


Эки күндөн бери жүздөгөн аскерлер өлкөнүн түштүгүндөгү тоолуу аймактардын кокту-колоттору менен үңкүрлөрүн жана тоо арасындагы кыштыктарды тинтип чыгышты. Ооганстандын чек ара аскерлеринин командири Спин Болдак Абдул Раззак Ройтерге берген маалыматында рейддин учурунда 12 шектүү киши камакка алынганын билдирди. Пакистандын чек ара тилкесине жакын жердеги Оргун-Еде Американын аскердик базасына белгисиз бирөөлөр ракета атышкан. Америкалык аскердик өкүл Рожер Киңг америкалык аскерлердин Де Рахвон деген жердеги позицияларына ракеталар атылганын, бирок андан эч ким жабыр тартпаганын билдирет.


Кечки жаңылыктар даярдаган Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG