Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:17

Британиянын премьер-министри Тони Блэр Ирактагы аскердик өнөктүк ойдогудай жүрүп жатканын билдирди


Европа Союзунун саммитинде сүйлөгөн сөзүндө премьер Ирактын аскерлери душман тарабына өтүп жатышканын жана Ирактын аскердик жетекчилигинде келишпестиктер бар экенин билдирди.
"Ирак аскерлеринин багынып берип жаткандыгын айгинелеген фактылар бар жана режимдин бардык катмарларында келишпестиктер орун алып жаткан шекилдүү. Бирок мен биздин аскерлерибиз каршылык көрсөтүүгө туш боло турганын, аскердик компания койгон максатына бир түндүн ичинде жете албай тургандыгын эскертким келет",-деди ал. Мындан мурда Британ коргоо министри Жефф Хун Британ аскерлери Ирактын түштүгүндөгү Фав жарым аралын басып алышканын билдирген жана салгылаш Умм Касыр деген порттук шаардын батыш тарабында жүрүп жатканы айткан. Ирак бүгүн АКШнын аскердик учагын атып түшүргөнүн билдирет. Бирок бул маалыматты Пентагон четке кагууда. Америкалык өкүлдөр Ирактын түштүгүндөгү салгылашууларда бир Америкалык солдат курман болдугун маалымдашат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG