Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:20

Мурат Кожобеков, Бишкек Нооруз майрамы качан, кайсы жерден чыккан? Майрамдын кылымдардын түпкүрүнө катылган тарыхый сыры эмнеде?

Адам турмушунда майрам эзелтеден маанилүү роль ойноп келген. Ал тиричиликтеги, коомдук абалдагы жана үй-бүлөдө болгон турмуштук окуяны ырым-жырым же салтанат менен белгилөөнү адатка айланткан. Майрам коомдук турмушту чагылдыруу менен жаамы адамдын рухий дөөлөтүнүн калыптанышына салым кошуп, жалпы коомдук-маданий баалуулуктун орношуна өбөлгө болуп берет. Башкача айтканда, майрам элдин рухий дөөлөтүнүн жана адамзат коомунун ааламды аңдоо түшүнүгүнүн ширетилишинен жаралган көрүнүш.

Майрамды белгилөө шарты жана анын тарыхында коомдун саясий-социалдык жана экономикалык өнүгүшүнүн өзгөчөлүгүн баамдап, кайсыл майрам кайсыл убакта, кандай талапта жаралгандыгын билсе болот. Майрам өткөрүүнүн коомдук функцияларына карабастан, ал адамдардын башын бириктирип, табият таңуулаган жалгыздыкты, бөлүнүп-жарылууну жоюп, аркыл социалдык катмардагы ккалктын башын кошууга өбөлгө түзөт. Майрам кызыл-тазыл карнавалдык шаан-шөкөт же ыр-бий эмес, мында элдин көрөңгөлүү салты, элестүү тарыхы менен маданияты камтылган.

Майрам күндөрү адамдар эшигин кенен ачып, өзүнүн жана тегерегиндегилердин көңүлүн көтөрүүгө аракет кылат. Бул убакта адамдар тамакка, кийимге, үйдү жасалгалоого ашыкча чыгым жасоого жол беришет. Майрамдык маанай жаралып, бири-бирин куттуктап, белек тартуулашат. Мында жалаң эле замандаштар ортосунда биримдик жаралбастан, элдин тарыхый эс тутумундагы, салт санаасындагы байланыш пайда болот.

Майрам маалында адам жашап аткан дүйнөнүн баалуулуктарын аңдап, андан өрнөк алат. Борбордук Азиянын басымдуу өлкөлөрү жаңы жылды Нооруз майрамы менен байланыштырышып, аны белгилөө салты байыркы замандан башат алган. Кыязы, Нооруз түшүнүгү жана аны майрамдоо ырасими эзелки парс элдеринин арасында тамырланса керек. Ноорузду белгилөө жөрөлгөсү жана анын шаан-шөкөттүк маанисинен алганда бул майрам калктын көйгөйүнөн жаралган, эмгекчил элдин келечек турмушу оңолушун эңсеген көксөөсүнөн келген майрам.

Парс тилинен «науруз» сөзү жаңы жылдын биринчи күнү деген маанини түшүндүрөт. Бул күнү жерге биринчи жамгыр тамчысы таамп, анын жышааны ошол жылдын жыргалчылыгын туюнтуп, жер жүзү гүлдөй кулпуруп, дарактар бүчүр байлап, айбанаттар тукум улашат.

Кыргыз элинде Ноорузга байланышкан мындай аңыз кеп бар. Илгери бир каатчылык жылы жаш айелмет үй-бүлө колу жукарып аябай кыйналат. Курсагы ачкан балдар тамак сурашып, энесинин зээнин кейитишет. Эне байкуш отко казан асып, ага суу куюп, ага кошуп беш-алты таш салып кайната баштайт. «Чыдагыла… бир аз чыдасаңар тамак бышып калат», деп ачка балдарын жооткотуп, казанын аралаштырганды койбойт. Балдар да кайнап аткан казанга каниет кылышып, от илебине көшүлүп уйкуга кетишет. Таңга жуук эненин өзү да уйкуга алдырат.

Айылма-айыл кыдырып, жер кезип, ак урган дубана ошол үйгө кирсе, бардыгы уйкуда. Чогу тартылган кемегеде казан асылып, бор-бор кайнап турат. Казанды ачса суу ак көбүктөнүп, ичиндеги таштар апакай болуп жылтырап калганын көрөт.

«Оомийин! Таш болсоң да аш бол! Ылайым балдардын ырыскысы түгөнбөсүн,
ушул түн кыдыр жолдогон жаңынын, таза ыймандын түнү болсун!»
, деп Кыдыр ата алаканын жайып бата берет.

Эне чоочуп ойгонсо күн кызара атып калган экен, казандын капкагын ачып көргөн көзүнө ишенбейт. Баягы таштардан дайын жок, казан толо бышкан аш болуп чыгат. Дасторкон жайып, балдардын алдына тамакты коёт.

«Аябай таттуу экен. Апа бу кандай тамак?», деп сурайт экен балдарынын бири. Эне азга ойлонуп «бу сүмөлөк» деп жооп берет.

Совет мезгилинде жаңы жылдан бөлөк майрамдар текши саясатташып, кыргыз эли эзелтеден белгилеп келген Ноорузду унута башташкан. Эгемендик шарапатына ылайык бабалардын дөөлөтү кайрылып Нооруз кадыресе майрамдалып, калк арасына жайылып Кыргыз өлкөсүндөгү майрам-тойлор арасынан татыктуу ордун тапты. Саясат демекчи, майрам энчисине мындай өнөкөт байыртадан жанашып келет. Атүгүл орто кылымдын аалымы ал-Беруни Ноорузду диний ырым-жырымдан алыс турган, анын таасирине кабылбаган майрам деп белгилеген.

Байыркы парс илим аалымдарынын айтымында Нооруз күнүнүн эң бактылуу сааты бул таң агарып атып, күн нурун жерге чачкан мезгил. Мында күндүн шооласы жерге жакын кыналып, ким аны биринчи тосуп алса ал бактылуу болот, деп эсептешкен.

Байыркы табыптардын ишенимине ылайык кимде-ким Нооруз күнү таң азандан сүйлөй электе үч кашык бал жесе, ал бардык оору сыркоодон арылат экен.

Ошентип, Нооруз майрамы каардуу кыштан жоон сүзүлүп, узун үзүлүп, элдин шайы ооп калган маалда жер жарылып көк чыккан, желин айрылып сүт чыккан, жаратылыш менен кошо адам турмушу жандаган мезгилге туш келет.

Жаңы күн ыроологон Нооруз менен табиятка жан кирип, ак бутактуу тоо силкинип жашарып, теребел канаттуулардын сайраган үнүнө бөлөнөт

Жаңы күн, жаңы жыл Нооруз, майрамыңыз менен кадырман угармандар!
XS
SM
MD
LG