Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:33

Ирактагы согуш бугуп жаткан мунайдын үстүндөгү чөлкөмдө орун алгандыктан, бул кандуу капсалаң дүйнө экономикасына кандай таасир этиши мүмкүн? Мунайдын баасы асмандап, эл аралык коомчулук күйүүчү майга жетпей, мукурап калабы?

Дүйшөмбүдөн тарта деңизде жүк ташуучу танкерлер менен кемелердин коопсуздугун камсыздоочу компаниялар Ирактагы порттор менен кызматташуудан баш тарткандыктан, Бириккен улуттар уюмунун Ирактагы "Мунай үчүн азык-түлүк программасы" кан буугандай токтогон. Өткөн айда эле БУУнун ортомчулугу алдында күнүнө 1, 7 млн баррель мунай экспорттоп, андан сырткары коңшулаш Түркия, Ливия жана Иорданияга күн сайын 300 миң баррелдей мунайды көмүскө жолдор аркылуу саткан Ирак азыр башкы киреше булагынан кол жууп отуруп калган кез. Ал аз келгенсип, бейшембиде согуш башталгандан көп өтпөй, Пентагондун жетекчиси Доналд Рамсфелд Ирактын айрым жерлеринде мунай кендери алоолоп-өрттөнүп жатканы жөнүндө маалыматтар келип түшкөнүн билдирди:

- Бизге жеткен айрым маалыматтар боюнча, Ирактын бийликтегилери өлкөнүн түштүк тарабындагы мунай кендерине өрт койгон өңдүү. Азыр бул маалымат текшерилип-такталып жатат.

Эгерде бул кабар бышыкталса, анда ал Багдад согушта жеңилээрине жедеп көзү жетип, өлкөнүн табигый байлыктарын душмандарга гана эмес, өз элине да ыраа көрбөй далбастап калганын айгинелейт.

Ал эми Ирактагы согуш башкы энергетикалык отундун дүйнөлүк баасын айрым эксперттер алдын-ала жоромолдогондой, көкөлөтүп, 60 долларга чейин көтөрүп ийген жок. Тескерисинче, согуш башталган бейшемби күнү бир баррель мунайдын баасы Лондондогу биржада 25 доллар 53 центке бааланып, соңку 3 ай ичиндеги төмөнкү деңгээлде сакталып турду. Адистер бирок алдыдагы апта ичинде мунайдын баасы 5-6 долларга чейин көтөрүлүп, болжол менен бир баррель 33 долларга чейин чаап бараарын айтышат.


Ирак – мунайдын аныкталган запастары боюнча дүйнөдө Сауд Арабиясынан кийинки эле 2-орунду ээлесе, согуш оту эмитен каптай баштаган коңшулаш Кувейт 3-сапта турат. Бейшембиде Иракта аскерий операциялар башталаар замат, Кувейт өкмөтү өлкөнүн түндүгүндөгү мунай кендерин жаап, жалпы күнүмдүк экспортун азырынча 35 миң баррелге кыскартууга аргасыз болду. Ошентсе да, Кувейттин мунай боюнча министринин милдетин аткаруучу Шейх Ахмед ас-Сабах кардар-өлкөлөр согушка байланыштуу тынчсыздануусуна негиз жок деп эсептейт:

- Кувейт, кандай болгон күндө да, чет өлкөлөргө сатылчу мунайдын көлөмүн азайтпай, мурдагы деңгээлде сактап тура алат. Азыр биз күнүнө 2 млн баррелден ашуун экспорттосок, түндүктөгү кендердин баарын жаап салсак да, сатылчу мунайдын көлөмү 1,9 млн баррелден ылдыйлабайт.

Кувейттен башка Эл аралык мунай экспортерлору уюму, же ОПЕКке мүчө-өлкөлөр согушка байланыштуу Ирактан мунай экспорту толук тыйылган күндө да, дүйнөлүк рыноктун муктаждыгын жаба алышаарын жана бир баррель мунайдын баасын 35 доллардан ашырбай, керек болсо андан алда канча арзандатуу алардын жеке кызыкчылыгына төп келээрин ырасташты.

Ошентип, азырынча Ирактагы согуш дүйнөлүк мунай рыногун, же финансылык абалды катуу солкулдатып ийген жок. Адистер келечекте Ирактын мунай кендерин иштетүүгө чет элдик инвесторлор бараандуу салымын кошуп, керектүү жабдуулар менен камсыздаса, Ирак күнүнө 8 млн баррелге чейин кара май экспорттой алат деп божомолдошот. Бирок коңшулаш Сауд Арабиясы канчалаган жылдан бери күнүнө андан да көп, 12 млн баррель мунай сатып атса да, байманасы ашып-ташып, калкы тегиз бакубат жашап кетпегени көп нерсени каңкуулайт.

Эксперттердин эсеби боюнча, чексиз монархиялык режим, же бийликтен кеткис падышалар тукуму башкарган бул өлкөдө мунайдан түшкөн кирешенин 15-20 пайызы гана мамлекеттик казнага жумшалат, калганы – жеке байлыгын эсептөөгө кудурети жетпей калган бийликтегилердин укум-тукум, урук-тууганынын чөнтөгүнө агып турат. Андыктан, 80-жылдары Иранга каршы согуш ачып, андан кийин 90-жылы Кувейтке кол салган үчүн эл аралык экономикалык блокадага туш болуп, ондогон жылдардан бери ири мунай запастарын каалагандай иштете албай калган азыркы Ирак режими куласа, балким, келечекте табият тартуулаган байлык Ирактын карапайым калкынын кызыкчылыгына кызмат өтөп калаар. Бул эми - согуш канчага созулат жана ал кандай кыйроолорду алып келет, акыры жыйынтыгы эмне болот деген суроолорго көз каранды маселе.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG