Бул маалыматты Пентагон бышыктады. Аталган дивизия Басра шаарындагы уруштарга катышып жаткан эле. Пентагон ырастагандай, анын составында сегиз миңдей жоокер, 200дөй танк бар. Катарлык “Ал-Жазира” телеканалы болсо бүт дивизия эмес, болгону 300дөй ирак аскери колго түшкөндүгүн кабарлады. Ирактын коргоо министринин орунбасары Султан Хашем Багдаддагы пресс-конфренцияда бул маалыматты төгүндөп, 51-дивизия Басра шаарын алдырбас үчүн айыгыша салгылашып жатат деп ырастаган эле.