Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:10

Алтүндө Багдад үч ирет ургаалдуу аба жапырыкка кабылды


Пентагондун маалыматтары боюнча, Перси булуңунда, ошондой эле Кызыл деңизде турган согуш кемелеринен Багдадга жана башка шаарларга мээленип, бир жарым миңден ашуун ракета атылды, согуш самолеттору миңден ашуун аба жапырыктарына катышты. Түштүк фронтундагы уруштардын жүрүшүн комментариялап, америкалык куралдуу күчтөрдүн штаб башчыларынын бириккен комитетинин төрагасы генерал Ричард Майерс коалициянын куралдуу бөлүктөрү мөлчөрлөнгөн багытты - Багдадды көздөй илгерилеп баратканын ырастады. Генералдын маалыматтарына ылайык, америкалык жана британдык аскер бөлүктөрү уруш салып, Иракка 160 чакырым илгерилеп кирип барды.

XS
SM
MD
LG