Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:49

Маараке жылында Бишкек эстеликтерге маарыйт


Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин имаратынын алдында Баласагындын колодон жасалган бир жарым метр бийиктиктеги айкели тургузулат. Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, айкелди жасоого мамлекет башчынын резервдик фондунан 300 миң сом бөлүндү. Эстелик коомчулукка белгилүү «Манас», «Эркиндик», «Революциянын баатырлары» жана башка айкелдердин автору, Кыргыз Республикасынын баатыры, скульптор Тургунбай Садыков тарабынан жасалат. Ошондой эле Тургунбай Садыков Кыргыз мамлекетүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата бийиктиги 54 метрлик эстеликтин алгачкы үлгүсүн жасоону аяктады. Мындай тарыхый эстелик Бишкек шаарына түштүк жактан кире беришине коюлат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG