Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:42

Жалалабатта маалымат каражаттарынын ресурстук борбору ачылды


Ресурстук борбордун кызыл тасмасын Борбор Азиядагы маалымат каражаттарын колдоочу Швейцариянын «Химера» долбоорунун жетекчиси Андрия Лоерш кести. Жергиликтүү журналистер Оштогу маалымат борборунун эсебинен орнотулган компьютер, телефакс, ксерокс, принтер кызматынан акысыз пайдаланат, Интернет менен байланышат. Оштогу борбордун жетекчиси Эрнис Мамырканов келечекте Жалалабаттык калемгерлерге компьютерде иштөөгө үйрөнүү мүмкүнчүлүгү түзүлөрүн, борбордун кызматы кеңейээрин билдирди. Жалалабаттагы маалымат түйүнүн уюштурууга АКШ элчилигинин демократияны колдоо комиссиясы көмөктөшкөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG