Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:13

ЮСАИД адистери Ошто болду


Делегацияны Америка эларалык өнүгүү агенттигинин саламаттык сактоо боюнча регионалдык миссиясынын директору Женифер Адамс айым жетектеп келген. Ош облус губернатору Накен Касиев, Ош облустук, Ош шаардык борбордук ооруканалардын жетекчилери менен болгон жолугушууларында делегация безгек оорусуна каршы күрөшүү иш чараларын жандандыруу, стационардык мекемелерде орундуктарды кыскартуу жана аларды рационалдуу пайдалануу, стационардык дарылоого кошумча акы төлөө жана тармакты финансы жагынан каржылоо принцибин өзгөртүү маселелерин талкуулашты. Карасуу районунда безгек оорусун таркаткыш чиркейлер мекендеген күрүч плантацияларын, токтотулган суу көлмөлөрүн, саздак жерлерди көрүп чыгышты жана айрым изилдөө иштерин жүргүзүштү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG