Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:57

Кургак учук илдетинин эл аралык күнү


2002-жылдын жыйынтыгынан караганда, Кыргызстанда кургак учук илдети менен
жабыркагандар ар бир 100 миң адамга 126, набыт болгондор ар бир 100 миң адамга 13,9 туура келет. 1996-жылы кургак учук менен ооругандардын саны ар бир 100 миң адамга 86 туура келген. Мындай маалыматты ишембиде саламаттык сактоо министрлиги 24-март- кургак учуктун Бүткүл дүйнөлүк күнүнө байланыштуу таратты. Маалыматта көрсөтүлгөнгө караганда, 2001-жылы Казакстанда кургак учук илдети менен катталгандардын саны 100 миң адамга 155, Тажикстанда 40, Өзбекстанда 70, Түркмөнстанда 80 туура келген.
Адистердин билдиришинче, Кыргызстан башка постсоветтик мамлекеттерге салыштырмалуу кургак учук илдетине байланышкан фактыны жашырбагандыгы менен айырмаланат. Саламатык сактоо министрлиги Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кургак учукка каршы күрөшүү боюнча DOTS стратегиясын 1996-жылы КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи кабыл алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG