Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:38

Бишкекке Орусия Федералдык жыйын төрагасы келет


2-апрелде Бишкекке расмий иш сапар менен Орусиянын Федералдык жыйын төрагасы Сергей Миронов жетектеген делегация келери күтүлүүдө. Эки күнгө эсептелген иш сапарынын учурунда делегацияны Жогорку Кеңештин кош палатасынын төрагалары Алтай Бөрүбаев менен Абдыганы Эркебаев, премьер- министр Николай Танаев кабыл алаары болжолдонууда. Мындан тышкары Орусиянын Федералдык жыйынын расмий өкүлдөрүнүн катышуусунда «Парламентская газетанын» кабарчылар пункту ачылат жана журналисттер үчүн маалымат жыйыны өтөт. Сергей Миронов жетектеген Орусиянын Федералдык жыйынынын делегациясы 3-апрелде Дүйшөмбү шаарына сапар алат. Бул тууралуу ишембиде Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын маалымат кызматы кабарлады.

XS
SM
MD
LG