Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:33

Быйыл Орусия кыргызстандык жүзгө жакын студентти окутуп берет


Орусиянын жогорку окуу жайларында окуган студенттердин саны келерки жылы эки эсеге өсөт. Бул тууралуу билим берүү тармак жетекчилери менен болгон Бишкектеги эки тараптуу жолугушуу учурунда Орусиянын билим берүү министри Владимир Филиппов билдирди. Келерки жылы Орусиянын жогорку окуу жайларында окууга жүзгө жакын студент мүмкүнчүлүк алат.
Мына ушундай макулдашууну Орусия менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ректорлору кабыл алышты. Макулдашуу окутуунун биргелешкен талаптарын иштеп чыгуу, окшош жогорку окуу жайлардын кызматташтыгы, китептерди жана окуу куралдарды даярдоо, маалымат алмашуу багыттарын камтыды. Орусиянын билим берүү министри Владимир Филиппов баштаган делегация Кыргызстанга кечээ келген.

XS
SM
MD
LG