Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:32
Бүгүн президент Аскар Акаев Орусиянын билим берүү министри Владимир Филиппов жетектеген орусиялык делегацияны кабыл алды. Жолугушуу учурунда билим жана илим тармагында кызматташтыкка олуттуу салым кошкону үчүн Москва мамлекеттик университетинин ректору Виктор Садовничийге «Данакер» орденин жана Орусия жогорку окуу жайларынын ректорлоруна Ардак грамотасын ыйгарды. Сыйлык тапшыруу салтанатында президент Аскар Акаев Кыргызстандын негизги багыты билим жана илим экенин белгилеп, бул тармакка олуттуу колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн Орусия Федерациясына ыраазычылык билдирди. Орусия Мамлекеттик думасынын депутаты Михаил Залиханов жолугушууда Орусиянын азыр кубаты артып баратканын белгилеп: «Эгер Орусия кубаттуу болсо, анын таянычы болгон Кыргызстан да күчтүү болот» («Если, Россия будет сильной, то и плечо, который будет поддерживать Кыргызстан, тоже будет сильным») деген пикирин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG