Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

Коопсуздук кеңеш жыйыны өтөт


Келерки дүйшөмбүдө президент Аскар Акаевдин төрагалыгы алдында Коопсуздук кеңеш жыйыны өтөт. Президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаевден алынган маалыматка караганда, жыйында республикадагы коррупцияга каршы күрөшүү жана энергетика тармагына байланыштуу маселелер каралат. Атын атагысы келбеген Акүй кызматкеринин айтымында, жыйында Иракка байланыштуу маселе талкууга алынышы ыктымал. Ирак маселесине байланыштуу 20-мартта Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов билдирүү жасап, Кыргызстан Ирак маселесинин тынчтык жол менен чечилишин жактаарын жана согушта массалык кыргын салуучу куралдардын колдонулбастыгына үмүт артаарын билдирилген.

XS
SM
MD
LG