Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:59

КӨМҮСКӨ ЭКОНОМИКА КЫРГЫЗСТАНДА КӨТӨРҮЛҮП КЕТТИ


Сапар Орозбаков, Бишкек Өткөн жылы өкмөттүн токтому менен түзүлгөн атайын комиссия өлкөдөгү көмүскө экономиканын масштабын аныктап жана анын өсүп кетүү себептерин иликтеп чыкты. Комиссиянын мучөсү, анализ жүргүзуү иштери боюнча жумушчу топтун жетекчиси Равкат Хасановдун айтуусу боюнча, Кыргызстанда көмүскө экономика жалпы экономиканын жарымын түзөт жана ал жылдан-жылга өсүп барат. Ал ишкерлерди көмүскө экономикага түрткөн факторлор деп салыктын оордугун, мамлекеттик органдардын ишкерлердин ишине ыгы жок кийлигишүүсүн, эмгек тууралуу мыйзамдардын алар үчүн ийкемсиздигин жана сот системасына ишкерлердин ишенбестигин атады.

Кыргыз бийлиги көмүскө экономика жана коррупция күчөп барат деп кээде кыйкырып койгону менен, чындыгында ал анын Кыргызстанда олуттуу көрүнүш экенин танып келген. Коррупция жана көмүскө экономика тууралуу сөз боло калганда, андай нерселер керек болсо Американын өзүндө деле бар, деген аргумент айтылып чыкчу. 1996- жылы Улуттук статистикалык комитет Кыргызстанда биричи жолу көмүскө экономиканын масштабын аныктап, ал ички дүӈ продуктынын 13% түзөт деген маалымат тараткан эле. Бул анча деле чоӈ көрсөткүч эмес. Анткени андай көмүскө экономика өнүккөн демократиялуу өлкөлөрдө деле бар.

Бирок буга чет өлкөлүк эксперттер ишенген эмес. Европа банкы, мисалы, жыл сайын Кыргызстанды эӈ коррупцияланган өлкөлөрдүн катарына киргизип келет. Экономикалык кызматташуу жана өнугүү уюму дүйнөнүн 76 өлкөсундөгү көмүскө экономиканы эсептеп чыгып жарыя кылган жайы бар. Анын эсеби боюнча, Кыргызстандагы көмускө экономиканын көлөмү 36% түзгөн. Ошондон кийин гана кыргыз бийлиги Кыргызстанда көмүскө экономика кеңири жайылган көрүнүш экенин моюнга алууга аргасыз болду.

Өткөн жылы көмүскө экономиканы легалдаштыруу боюнча вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев башында турган өкмөттүк комиссия түзүлүп, ага көмүскө экономикага анализ жүргүзүү жана аны аны ачыкка алып чыгуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу милдети тапшырылган. Жакында комиссия ишин жыйынтыктап, төбө чачты тик тургузчу фактыларды жарыя кылды.

«Мен мыйзамдарда белгиленген салыктарды төлөбөй, андан качкан көмүскө экономиканын көлөмү ички дүӈ продуктынын 50% кем эмес деген ишенимге келдим», деди көмүскө экономикага анализ жүргүзүү боюнча түзүлгөн жумушчу топтун жетекчиси, чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча секретариаттын башчысы Равкат Хасанов. Анын айтымында, Улуттук статистикалык комитет көмүскө экономикага каттоодон өтпөй, статистикалык отчет бербегендерди гана кошкон. Ошондуктан ал өтө эле аз болуп чыккан. Ал эми жумушчу топ болсо көмүскө экономика деп салык төлөбөгөндөрдү түшүнөт. Андайлар айыл чарбасын кошпогондо 25%, кошкондо 50%.

Равкат Хасанов көмүскө экономика жылдан-жылга өсүп баратканын жана ал мыйзам боюнча салык төлөп адилет иштеген башка ишканалардын өнүгүүсүнө тоскоол болуп жатканын белгилейт. Көмүскө экономиканын өсүшүнө түрткү болуп жаткан негизги факторлор катары салыктын оордугун жана мамлекеттик органдардын ишкерлердин ишине ыгы жок кийлигишүүсүн көрсөтөт. Андан тышкары ал эмгекке байланыштуу мыйзамдардын ишкерлер үчүн ийкемсиздигин жана сот системасына ишеничтин жоктугун атады.

Жумушчу топ 4 багытта иш алып барууну өкмөткө сунуш кылат. Алардын эӈ негизгиси ишканалардын салык жүгүн азайтуу. Бирок жумушчу топ бул жаатында жаӈы эч нерсе деле сунуш берген эмес. Ал пайдага жана адамдардын кирешелерине салыктардын 30% тен 20% төмөндөтүлгөнүн жана ишкерликтин айрым түрүнө патент киргизилгенин эскертет жана бул кадамдар ишканалардын салык жүгүн азайтууга салым кошуп жатат деп эсептейт. Ал салыктар азайтылганы менен, өкмөт башка 2 салык - айыл чарбасына кошумча нарк салыгын жана кыймылсыз мүлк салыгын киргизип жатканы маалым. Комиссия буга каршы эмес, аны ал аргасыздан жасалып жаткан иш катары карайт. Комиссия болгону келечекте пайдага жана адамдардын кирешелерине салыктарды дагы азайтууну ойлоп көрүүнү, жол менен өзгөчө кырдаалдар боюнча салыктарды бөлүп-бөлүп жоюуну сунуш кылат.
XS
SM
MD
LG