Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

ОРУС БАСМА СӨЗ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ


Төрөкул Дооров, Москва Ирак проблемасы жана Чеченстанда өтүүсү каралып жаткан референдум орусиялык басма сөз беттеринде кандай талкууга алынууда?

Жыйынтыкталып жаткан жума орусиялык маалымат каражаттары үчүн өтө «басымдуулук күчөгөн апта» катары белгиленди. Өлкөдөгү электрондук жана басма сөз каражаттары Ирак проблемасынын курчушу менен өз иштеринин форматын алда канча кеңейтишти. Жума күнү (21.03.03) «Коммерсант» ири телевизиондук компаниялары берүү ыкмаларын өзгөртүшкөндүгү жана айрымдарынын 24 саат бою берүүгө өткөндүктөрү тууралуу кабарлады. Ирактагы согуш жана Чеченстандагы референдум – мына ушул эки маселе орусиялык дээрлик бардык гезит-журналдардын башкы темаларына айланды.

АКШ менен Британиянын Иракка каршы согушу орус гезиттеринде катуу сынга алынды. «Время новостей» (21.03.03) «Америка абийирсиз аракеттерди колдонууда» («Америка ведет себя по-хамски») десе, «Российская газета» ишемби күнү (22.03.03) ирак согушун «Американын өлүмү» катарында таанып, «Америка бул иши менен башкалар жана өзү үчүн демократиялык өлкө катарында өлгөндүгүн көрсөттү» деп жазды.

Аскерий операция башталган мүнөттөн тарта гезиттерде ушул маанайдагы макалалар жарыяланып келсе, акыркы эки күн ичинде аларды Ирак согушунан кийин жумуриятты кайра калыбына келтирүү ишинде Орусиянын басымы кандай боло тургандыгы көбүрөөк ойлонто баштагандыгы байкалат. «Независимая газетанын» (21.03.03) ишениминде, аскерий операция бүткөндөн кийин Иракка америкалык эмес, орусиялык күчтөр киргени оң, анткени ирактыктар америкалыктардан көрө орустарга көбүрөөк ишеним артышат. Гезиттин мындай көз карашы бир катар орусиялык экономикалык эксперттердин колдоосуна ээ болду. Стратегиялык иликтөө институтунун президенти Александр Коновалов жана саясий изилдөөчү Сергей Марков билдиришкендей, Орусия ирактыктар алдында түзүлгөн «ишенимдүү тараптын бейнесин пайдаланып», эл-аралык коопсуздук институттарын бекемдөөдө мыкты роль ойной алат. Ал эми Орусиянын жеке экономикалык кызыкчылыктарына келсек, «Орусия Америкага Иракты кайра курууда керек боло тургандыгын Вашингтон да жакшы түшүнөт» дейт журналист. Ошондуктан, Америка сөзсүз түрдө Орусия кызыкчылыгын эске алат. «Бирок ал бул тууралуу эч кандай гарантия берген жок жана берүүсү да мүмкүн эмес. Ошондуктан мындай вариантка артыкча ишенүү да опурталдуу» деген ойдо Орусиянын мурдагы отун министри Юрий Шафраник:

- Экономикалык дүйнөдө эч ким эч качан эч кимге кепилдик бербейт. Бул - өзүнчө тартип. Ийгиликтүү иштеген реалдуу долбоорлор гана гарантия болуп берүүсү мүмкүн. Ошондуктан, биздин башкы кызыкчылык – кайсы бир лидерлердин позициясын колдоо эмес, стабилдүүлүктү жактоо.

Ошол эле учурда Орусия экономистеринин жана мунай өндүрүүчүлөрүнүн алдында «кызматташтыкты Европа же Америка менен арттыруу керекпи? Ким ишенимдүүрөөк?» деген суроо кызуу талкууга алынууда. Буга карата Орусиядагы белгилүү олигархтардын бири, ЮКОС мунай компаниясынын башчысы Михаил Ходорковский төмөнкүчө ойдо:

- Европа бизге жардам берүүнү каалабайт. Экономикалык жактан алып караганда, Европа бизди көп кирешеден бөлгөнгө аракет жасайт. Анткени, ал Орусияны өзү менен кошо бир эле экономикалык мейкиндикте турган чоң атаандаштарынын бири катарында тааныйт. Мындай шартта Америка менен кызматташуу Орусия үчүн алда канча пайдалуу, ошондуктан өлкөбүздүн экономикасын жакшыртуу үчүн бул потенциалыбызды жоготуп коюудан качуу керек.

Чеченстанда республика Конституциясын кабыл алуу боюнча өтүүчү референдумга да саналуу гана сааттар калды. Өтүп бараткан жумада орусиялык гезит-журналдардын көңүлүн бурган экинчи чоң маселе эртең өзүнүн соңуна чыгат. «Бирок, анын эртеңи чечен калкы үчүн кандай боло тургандыгын» башка гезиттерге караганда «Новая газета» (20.03.03) мурдатан эле божомолдоп келген. Чечен проблемасын чагылдырууда атагы чыккан журналист Анна Политковскаянын референдум босогосунда Конституция текстин талдоого алган көлөмдүү макаласы жарыкка чыкты. Анда айтылгандай, «Кремль тарабынан чечен элинин тагдырын таразага салып зордук менен кабыл алынуусу талап кылынып жаткан Конституция калкты, биринчи кезекте, Орусиянын өзүнөн бөлүүгө далалат жасайт». Анткени, Чеченстан Конституциясынын тексти Орусиянын Федералдык Конституциясына карама-каршы келет, деп ал эсептейт.

Андан калса, жакында Орус Президенти Владимир Путиндин чечен элине жасаган кайрылуусунда элдин бейпил турмушу, келечек муундун эртеңи тууралуу көп жолу сөз болгону менен «согуш качан бүтөт?» деген башкы суроого эч кандай так жооп берилген жок» деп зээни кейигенин жашырбайт Политковская.

«Чечен элинин Баш мыйзамында бул элдин улуттук тили эле эмес, жөнөкөй адам укуктарынын нормалары да сакталган эмес» дейт ал.

Жыйынтыгында: «Эртеңки референдумда баары бир бул Конституция кабыл алына тургандыгы ачык. Андыктан калк турмушун өзгөртүү үчүн эмне жасай алабыз?» деген суроо коёт автор.
XS
SM
MD
LG