Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:39

БУУ: АДАМ УКУКТАРЫ БОЮНЧА КОМИССИЯНЫН БЕДЕЛИ


Бириккен Улуттар Уюмунун Адам Укуктары боюнча Комиссиясынын быйaлкы сессиясы оңой эмес шартта өтүүдө. Адам укуктары жаатында иш алып барган дүйнөдөгү эң негизги орган болуп эсептелген Комиссиянын абройу соңку кездери төмөндөгөнү байкалууда.

Швейцариянын Женева калаасында 16-мартта башталган жыйынга Комиссияга мүчө 53 мамлекеттин өкүлдөрү чогулушту. Жыл сайын жаз айларында өтүүчү сессияда адам укуктарынын дүйнөдөгү абалы талкууга алынат. Кыргызстандын биринчи вице-премьер министри К.Осмонов сессияда өлкөдөгү кырдаал боюнча доклад жасады. Андан тышкары 30-марттан 5-апрелге чейин жыйынга “Жарандык коом үчүн” өкмөттүк эмес уюмдар Коалициясынын төрагасы Эдил Байсалов жана жаштардын укуктарын коргоочу бейөкмөт уюмдун жетекчиси Мария Лисицына катышат.

Комиссия ар бир өлкөдө адам укуктары урматталышы керек деген принципти карманат. Бирок уюмдун дарегине акыркы мезгилде көп сын пикир айтыла баштады. Алардын негизгиси – комиссияга мүчө болгон бир катар өлкөлөр, анын ичинде азыркы төрага Ливиянын өзү да адам укуктарын бузууда.

Ливия 1988-жылы Шотландиянын Локерби шаарчасындагы жарылууга тийешеси бар деп шектелип, ага каршы Бириккен Улуттар Уюму санкция киргизген. Санкциялар күчүнөн кете электе эле анын төрага болуп шайланышы АКШ менен Канаданын өзгөчө каршылыгын жараткан. Ливия комиссиянын башына адам укуктары жаатындагы жетишкендиктери үчүн эмес, Африка континентинен болгондугунан улам келген, анткени адат боюнча төрагалык милдетти ар бир континенттин улам башка өлкөсү аткарып турат. Ливиядан башка укук коргоо уюмдарынын сынына кабылган өлкөлөр арасында Алжир, Судан, Зимбабве, Куба, Кытай жана Россия бар. Хьюман Райтс Уотч Уюмунун аткаруучу директору Кеннет Роттун (Roth) айтымында кээ бир мамлекеттер комиссияга анын ишине көмөк көрсөтүш үчүн эмес, тескерисинче, тоскоол болуш үчүн кошулушат.
«Улам барган сайын комиссияга мүчөлүк укук бузуучулардын өзүн-өзү коргоочу коомуна окшоп барат. Анткени, бул комиссияга күргүчтөп мүчө болгон өлкөлөрдүн өкмөттөрү – адам укуктарын сактоо үчүн эмес, өзүнө каршы доолордон качуу үчүн комиссияга кирип, анын ишин иритүүгө умтулган өкмөттөр”, - дейт Кеннет Ротт.

Былтыркы сессия уюмдун тарыхындагы эң начар, эң натыйжасыз жыйын катары эсте калган. Анда Зимбабведеги репрессиялар, Ирандагы абал, Россиянын Чеченстандагы аракеттери өңдүү терс көрүнүштөрдү сынга алуу жаатындагы демилгелерден майнап чыккан жок. Өткөн жылы комиссия Ирак менен Ооганстан, Босния, Сербия жана Монтенегродогу абал боюнча атайын баяндамачыларды аныктаган. Быйылкы сессияда алардын докладдарын угуу күтүлүүдө.

Кытай менен Россиядагы абал адатта АКШ тарабынан сынга алынчу. Бирок Ирак кризисине байланыштуу бул жылы Америка мындай демилге менен чыгабы, жокпу азырынча бүдөмүк бойдон кала берүүдө. Ирак демекчи, өткөн аптада АКШнын мамдепартаментинин басма сөз өкүлү Ричард Баучер мындай деген:

- Биз бул жагдайлардын ар биринин нарк ченемине сересеп салып, Бириккен Улуттардын Адам укуктары боюнча комиссиясынын отурумунда кабыл алынган иш-аракеттин кайсынысы ылайыктуу экени жөнүндө тыянак чыгарабыз.

Ирак маселеси түз болбосо да кыйыр түрдө сесиянын ишине таасир тийгизет дешет адистер. АКШ менен Евросоюз өлкөлөрү ортосундагы соңку кездеги пикир келишпестиктер комиссияны реформалоо ишине да залака тийгизиши толук ыктымал.

Хьюман Райтс Уотч уюму комиссиянын алдына Түркмөнстан, Россия жана Иран өңдүү өлкөлөрдө адам укуктарынын абалын жакшыртуу үчүн атайын чаралар белгиленсин деген талап койууда. Алардын айтымында, Түркмөнстандагы укук бузууларды айыптаган резолюция кабыл алынышы керек. Андан тышкары БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары бул өлкөгө барып, абал менен жакындан таанышып чыгуусу зарыл.

Россия бир нече жылдан бери Чеченстандагы адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу катуу сынга кабылууда. Адам укуктары боюнча бир катар эл аралык уюмдар Москва менен Грозный эл аралык мыйзамдарды бузууда деп эсептешет жана алар Россия ЕККУнун Чеченстан боюнча топтун мандатын кайра калыбына келтирилсин деген талап менен комиссияга кайрылышты.

XS
SM
MD
LG