Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Түркиянын бийликтери Ирактын түндүгүнө аскер контингентин киргизген жок


Бул тууралуу НАТОнун баш катчысы Жорж Робертсондун Брюсселде таркатылган билдирүүсүндө айтылды. Робертсон Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл менен сүйлөшүп,бул маселени талкуулаган. Ушу тапта Евросоюзга төрагалык кылып жаткан Греция Ирактын коңшуларын согушка тартылуудан сактандырган эле. Ошол эле күнү Россиянын тышкы иштер министрлиги да азыркы уруштун жүрүшүндө Ирактын суверенитетин урматтоо зарылдыгын Түркиянын элчисине эскерткен эле. Түрк аскерлеринин түндүк Иракка киргизилишине Кошмо Штатары да каршылык билдирген.

XS
SM
MD
LG